![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Токтогазиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Токтогазиевден келип түшкөн документтерди карап чыгып “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Токтогазиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын: - Адиев Рыскелди Нурдинович, 1961-жылы туулган, жеке ишкер; - Орозалиева Тамара Джумакадыровна, 1965-жылы туулган, жеке ишкер; - Сартбаева Динара Джумакадыровна, 1967-жылы туулган, жеке ишкер. 2. Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Токтогазиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 17-августу № 137 |
Карап чыгуулар: (1977) |