Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.А.Султановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.А.Султановдон Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.А.Султановдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын: -Сыдыков Кубанычбек Касымалиевич, 1962-жылы туулган, жеке ишкер; -Кушназарова Канайым Абдувалиевна, 1970-жылы туулган, Б.Н.Елцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин юридикалык факультетинин ага окутуучусу; 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.А.Султановдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 12-августу № 103
|
Карап чыгуулар: (2585) |