![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К. Токтогазиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Токтогазиевдин документтерин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Токтогазиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын: финансылык маселелер боюнча: -Cоколова Наталья Николаевна, 1955-жылы туулган, башкы бухгалтер; шайлоо боюнча: -Молдалиев Аманкул, 1941-жылы туулган, пенсионер; -Назарбеков Нурланбек Болотбекович, 1966-жылы туулган, “Алеша” ЖАК башкы инженери; -Кермалиев Бакыт Жанышевич, 1972-жылы туулган, “Шатен” ЖЧК атакаруучу директору; -Исаева Гүлнара Сабыровна, 1976-жылы туулган, “Алеша” ЖАК администратору; -Чатоев Ишхан Амарович, 1964-жылы туулган, “Гюнель ПВЖ Люкс” ЖЧК директору. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Токтогазиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 12-августу № 101 |
Карап чыгуулар: (2158) |