![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордунга талапкерлер Б.Ш.Аземкуловдун жана А.К.Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди, атап айтканда: Б.Ш.Аземкуловдун 2011-жылдын 13-июлундагы өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары шайлоого коюлууга ниети жөнүндө арызын, Б.Ш.Аземкуловдун финансы маселелери жана шайлоо боюнча анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2011-жылдын 14-июлундагы сунуштамасын, К.Ж.Бейшееванын жана И.Ж.Султанкуловдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ш.Аземкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдугу жөнүндө 2011-жылдын 14-июлундагы арызын карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдон келип түшкөн, атап айтканда: А.К.Мадумаровду “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү жөнүндө “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын съездинин 2011-жылдын 12-июлундагы протоколун, А.К.Мадумаровдун финансы маселелери боюнча анын ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.Т.Эркебаевди каттоо жөнүндө 2011-жылдын 14-июлундагы сунуштамасын, А.Т.Эркебаевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдугу жөнүндө арызын иликтеп чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ш. Аземкуловдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, Бейшеева Канымбүбү Жумабаевна, 1960-жылы туулган, “Кыргызстан КБ” ААКнын тобокелчилик-менеджери кактталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ш. Аземкуловдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, Султанкулов Ильичбек Жандарбекович, 1983-жылы туулган, убактылуу иштебейт, катталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, Эркебаев Азамат Төлөнович, 1974-жылы туулган, убактылуу иштебейт катталсын. 4. Жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Б.Ш. Аземкуловдун жана А.К. Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин. 5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын кызмат ордуна талапкерлер тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жектекчиси Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов Бишкек ш., 2011-жылдын 15-июлу № 28 |
Карап чыгуулар: (2228) |