Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясы жөнүндө |
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып жана Борбордук шайлоо комиссиясынын эсептөө комиссиясынын №1 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын эсептөө комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын үч мүчөсүнүн курамында шайлансын. 2. Борбордук шайлоо комиссиянын эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо 2011-жылдын 4-июлундагы эсептөө комиссиясынын №1 протоколу бекитилсин. 3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын котролдоо Уюштуруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Жыйналыштын төрагасы Ж.Бапанова Бишкек ш., 2011-жылдын 4-июлу №1
|
Карап чыгуулар: (1958) |