МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Шайлоочулардын тизмелери жөнүндө

Шайлоочулардын тизмелеринин сапатын жакшыртуу жана жарандардын шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Кодексинин 23-беренесин, 15-беренесинин 1-, 2-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы №93 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгынын 6-пунктун, Кыргыз Республикасынын  Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы №242 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин нускасынын санын бекитүү жөнүндө” токтомун аткарууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

 - шайлоочулардын тизмелеринин үчүнчү нускасын участкалык шайлоо комиссияларынын атайын даярдалган такталарына 2010-жылдын 20- сентябрынан кечиктирбестен илүүнү;

- шайлоочуларга билдирүүлөрдү 2010-жылдын 25-сентябрына чейин таркатууну.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө облустук, Бишкек, Ош шаардык, райондук, шаардык шайлоо комиссияларына жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН  МИЛДЕТИН

АТКАРУУЧУ                                                                 Ж.АКМАТОВ

Бишкек ш., 2010- жылдын 15- сентябры

№253

 

 

 

Карап чыгуулар: (2681)