Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүгнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №106 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: - 6-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “шаардын мэрин шайлоону өткөрүү процедурасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шаардык кеңешинин регламентине ылайык ишке ашырылат”; - 20-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт”. -31-пункттагы “тийиштүү шаардык кеңештин” деген сөздөр “тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын. -33-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “протокол тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт”. 2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борборлук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 3. Ушул токтом тийиштүү шаардык кеңештердин депутатарына, аймактык шайлоо комиссияларына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө жеткирилсин. 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.К.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 25-августу № 194 |
Карап чыгуулар: (2196) |