![]() Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 20-майындагы № 49 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын референдумдарына катышуучуларын, шайлоочуларды эсепке алуунун Мамлекеттик тутуму жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 14-беренесинин 6-бөлүгүнүн 2-абзацын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикаынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3 пункттарын жетекчиликке алып, шайлоочулардын эсепке алуунун бирдиктүү тутумун колдонуу менен шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн маалыматтарды берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоочулар жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү формасы” №6 Формасы бекитилсин (тиркелет). 2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоолорду уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясы (ТИМ) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары түзүлгөн ар бир шайлоо участка боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда жашаган же жүргөн, консулдук тарабынан эсепке алынган Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө маалыматтарды №6 Форма, ар бир шайлоочунун паспортунун көчүрмөсү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына 2011-жылдын 25-сентябрына чейин тапшырсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комисиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылынын 16-сентябры № 259 |
Карап чыгуулар: (1338) |