![]() “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндө” Нускамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу |
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 –беренесинин 1–бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 11-июлундагы №30 “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүүнүн, акча каражаттарынын келип түшүшүн эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндө” нускаманы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: -38-пункту “Талапкер катталганга чейин жана сунуш кылган документтер текшерилгенден кийин” деген сөздөрдөн кийин “жеке каражаттарынан же” деген сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча; - 39-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: “Шайлоо учурунда шайлоого катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добуштарын алган талапкерге коюлган шайлоо күрөөсү шайлоо бүткөндөн кийин кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджеттин эсебине киргизилбейт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн максаттуу багыттарында шайлоо системасын өркүндөтүүгө пайдаланылат.”; - 41-пунктунун биринчи абзацындагы “(7 тиркеме)” деген сөздөрдү жана сандарды :”(4 (төрт) жана 7 (жети) тиркемелер).” деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын. 2. Шайлоо фондунун каражаттарынын келип түшүшү жана жүргүзүлгөн чыгымдар боюнча (№7 форма) Жалпы финансылык отчетунун бланкы жаңы редакциясында бекитилсин (тиркелет). 3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын контролдук-ревизиялык топтун жетекчиси А.Т.Асаналиевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 5-сентябры № 224
|
Карап чыгуулар: (1464) |