![]() Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-сентябрындагы № 277 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө |
“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынан алынган табыштамалардын негизинде даярдалуучу шайлоо бюллетендеринин санын тактоо боюнча жүргүзүлгөн иштерге байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-сентябрындагы № 277 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетени 2866681 даана санда, анын ичинде кыргыз тилинде – 2257714 даана, орус тилинде – 608967 даана даярдалсын” (тиркелген разнарядкага ылайык). 2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү М.А. Корсунскийге жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН Ж. АКМАТОВ милдетин аткаруучу Бишкек ш., 2010-жылдын 25-сентябры № 281 |
Карап чыгуулар: (1203) |