МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Шайлоо технологиялар борбору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Шайлоо технологиялар борборунун Уставынын 5.1 пунктунун негизинде, Шайлоо технологиялар борборунун документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жана анын ишмердигинин багыттарын өркүндөтүү зарылчылыгына байланыштуу жана "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

 1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Шайлоо технологиялар борбору - расмий тилде "Центр избирательных технологий Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики" деп; мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Шайлоо технологиялар борбору" деп кайрадан аталсын.

2.Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2000-жылдын 4-майындагы № 310 токтому менен бекитилген Шайлоо технологиялар борборунун Уставына өзгөртүүлөр киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Шайлоо технологиялар борборунун Уставы жаңы редакцияда бекитилсин (тиркелет).

4. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Шайлоо технологиялар борборунун юридикалык дареги белгиленсин: Бишкек ш., Раззаков көчөсү 59.

5. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтердеги маалыматтардын ишенимдүүлүгү аныкталган жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселеси тийиштуу мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган.

6. Шайлоо технологиялар борборуна (А.Сариев) Шайлоо технологиялар борборунун Уставына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү бекитилген тартипте тийиштүү мамлекеттик органдарда мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашыруу тапшырылсын.

7. Ушул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.

8.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө юридикалык бөлүмдүн башчысы Ж.М. Абдыбековага жүктөлсүн

 

Төрага                                                                      А. Сариев

Бишкек ш., 2011 жылдын 25 марты

№15

 

Карап чыгуулар: (1992)