![]() Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Семеновский айыл өкмөтүнүн башчысын 2011-жылдын 22-сентябрына дайындалган шайлоо күнүн кийинки күнгө – 23-сентябрга жылдыруу тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынан келип түшкөн катынын негизинде жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Т.Мундузбаеванын жана Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы В.Кадырованын эмгек талаштары боюнча иштери Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан өндүрүштө болгондугуна байланыштуу, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 236 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 1). Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнү 2011-жылдын 23-сентябрына жылдырылсын. 2). - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн; - Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчыларын шайлоолору эмгек талаштар боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан каралып бүткөнгө чейин токтотулсун. 3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын. 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 16-сентябры № 262 |
Карап чыгуулар: (1439) |