МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш берүү укугу бар мүчөсү Туголбаева Айкан Сатыбалдиевнаны ден-соолугунун абалынан улам комиссиянын жыйналыштарына системалуу түрдө катышпай жаткандыгына байланыштуу комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө 2010-жылдын 1-октябрындагы № 10 токтомун карап чыгып, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин 16-беренесинин 3-пунктун, 10-беренесинин 1-пунктунун 2-, З-пунктчаларын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.   Ош шаардык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:

-    комиссиянын курамынан «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан сунушталган мүчөсү Туголбаева Айкан
Сатыбалдиевна чыгарылсын

- комиссиянын курамына резервден «Акшумкар» саясый партиясынан көрсөтүлгөн Маматжанова Феруза Керимовна киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                                                    А.САРИЕ

Бишкек ш., 2010-жылдын 5-октябры 

 №298

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1850)