МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Чүй, Москва аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4, 8, 15 - бөлүктөрүнө, 1-бөлүктүн 1-пунктуна, 22-беренесинин 10 – бөлүгүнүн 1 -пунктуна  жана 2011-жылдын 8-июлундагы “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 7 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Э.А.Сапаровдун, Г.И.Субанованын. Н.С.Жусупбекованын, С.С.Сейитбекованын тапшырган арыздарынын, ошондой эле 2011-жылдын 22 жана 23-июлунда өткөрүлгөн чучукулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1. Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

            - “Республика” саясий партиясынан Сапаров Эшимбет Абдыманнапович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;

            - «Замандаш-Современник» саясий партиясынан Камчыева Жыпаргул Жолчуевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

 

            2. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

            - «Ата-Мекен» социалисттик саясий партиясынан Субанова Гульсада Ибраимовна комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;

            - «Ар-Намыс» саясий партиясынан Назаралиева Жипоркан Нузуевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

 

            3. Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

            -  «Мекен ынтымагы» саясий партиясынан Жусупбекова Нурбубу Суйутбековна комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;

            - «Ар-Намыс» саясий партиясынан Дуйшенов Улан Кубанычбекович  резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

 

            4. Чүй облусунун Москва  аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

            - жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органынан  Сейитбекова Салтанат Султановна комиссиянын резервинен чыгарылсын.

            5.  Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

 

            6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

 

  ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2011-жылдын 21-октябры

№ 382

Карап чыгуулар: (1467)