МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 42 Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун, 19-беренесинин 4-бөлүгүнө,
22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, өз каалоолору боюнча комиссиялардын курамынан чыгаруу жөнүндө мүчөлөрүнүн: Чүй аймактык шайлоо комиссиясынан Нуралы уулу Бактыбектин, Алай аймактык шайлоо комиссиясынан Г.П. Козукееванын, Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан С.Р. Атантаевдин арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  • Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин-комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан мүчө (аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы) Нуралы уулу Бактыбек чыгарылсын.
  • Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин-комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан мүчө (аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы) Козукеева Гүлсара Полотбековна чыгарылсын.
  • Жалал-Абад облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин-комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органынан мүчө (аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы) Атантаев Сардарбек Рахманбердиевич чыгарылсын.
  • Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
  •  

     Төрага                                                                        Т.Абдраимов

      

    Бишкек ш., 2012-жылдын 13-марты  

    № 42 

    Карап чыгуулар: (1811)