МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№28 Нарын облусунун Жумгал, Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 7-пунктуна жана 2011-жылдын 8-июлундагы ”Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 7 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Ж.Рыскуловдун, М.М.Асаналиевднн, Р.Б.Абдыкадыровдун, Нарын аймактык шайлоо комиссиясынан Э.С.Монкоевдин, Түп аймактык шайлоо комиссиясынан А.Болоковдун, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын  катчысы Б.Р.Бабукеевдин аларды комиссиялардын курамдарынан өз ыктыярлары менен чыгаруу боюнча сураныч арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

         - “Партия зеленых Кыргызстана” саясий партиясынан Рыскулов Жаныбек, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Асаналиев Мирбек Муктарбекович, Абдыкадыров Руслан Джыргалбекович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;

         - «Ак Шам» Жаратман мекенчилер саясий партиясынан Кенжалиева Алтынай Кенжалиевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Осмонов Мирбек Разабаевич, Токтоназарова Жаңыл резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

         2. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

         - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Монкоев Эсенаалы Смайылович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;

         - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кубаев Абдысатар резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан аталган аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Бабукеев Бакдөөлөт Рыскулбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын.

4. Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын резервине  төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин – “ЗАМАНДАШ-СОВРЕМЕННИК” саясий партиясынан Болоков Актилек комиссиянын резервинен чыгарылсын.

5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                          Т.Абдраимов

Бишкек ш., 2012-жылдын 7-февралы

 № 28

Карап чыгуулар: (1237)