![]() №17 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын, Чүй облусунун Токмок, Ысык-Ата, Жайыл, Кемин, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын, Бишкек шаарынын Биринчи май аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 2, 4, 8, 15-бөлүктөрүнө 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 10-бөлүгүнүн 1, 2, 6, 10-пункттарына, жана 2011-жылдын 8-июлундагы ”Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 7 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Ош, Жайыл, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун, Сузак, Токмок, Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, Ж.У.Ташматованын, М.А.Адылбековдун, В.С.Карбосованын, А.Д.Шеримбекованын, А.Э.Эриковдун, М.Э.Субаналиевдин, М.Джайлямышевдин, Ж.Б.Чолпонбаеванын, К.И.Эшимбековдун, К.Ф.Ариновдун, С.Абыканованын, А.Ш.Джапарованын, К.Шаршеновдун, Р.Б.Туякпаеванын арыздарынын, ошондой эле 2011-жылдын 22, 23-июлундагы чүчүкулак боюнча протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жолдошалиев Абдырахман Тобокелович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Калилов Адилбек резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 2. Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Ташматова Жамал Уланбековна комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Турашев Кабылджан Турдыбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 3. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - “Либералдык-прогрессивдүү партиясы” саясий партиясынан Адылбеков Майрамбек Адылбекович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын; - “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Бегматов Мавлянкан Акматалиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 4. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - “Акшумкар” саясий партиясынан, Шеримбекова Аида Каныбековна, “Бүткүл жаштар” саясий партиясынан Эриков Азат Эрикович, “Эл үчүн” саясий партиясынан Карбосова Венера Сагынбековна комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын; - “Социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Воронова Елена Кимовна, “Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы” саясий партиясынан Аширбаев Карач Карагулович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Барыктабасова Эльзат Айдарбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 5. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Субаналиев Мирлан Эсенкулович комиссиянын резервинен чыгарылсын. 6. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Алымбаев Жайылбек комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын; - “Ата-Журт” саясий партиясынан Шеримбаева Роза Кунтубаевна комиссиянын курамына киргизилсин. 7. Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Джайлямышев Молдокул (аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы) комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын; - “Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан Стамбекова Гулнара резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 8. Чүй облусунун Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - “Эл үчүн” саясий партиясынан Чолпонбаева Жыпаркул Бакашевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кулов Ассатилде комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Эшимбеков Кубанычбек Исхакович, Аринов Кайрат Фрунзевич, Абыканова Сейнебүбү, Джапарова Айгуль Шакиловна, Шаршенов Каныбек комисиянын резервинен чыгарылсын; - «Ак Шам» жаратман мекенчилер саясий партиясынан Муканов Канат Аскерович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кулбашева Анаркуль Курмановна езервден комиссиянын курамына киргизилсин. 9. Бишкек шаарынын Биринчи май аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Туякпаева Тимма Баранкуловна (аймактык шайлоо комиссиясынын катчылыгынан) комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Ботоканова Медина Абазбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 10. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2012-жылдын 25-январы № 17 |
Карап чыгуулар: (1244) |