МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн                               1,10 -пункттарына, 19-беренесинин 4,7,8,15-бөлүктөрүнө жана 2011-жылдын 8-июлундагы №7 ”Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын арызынын, Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын арызынын жана баяндама катынын, М.Б.Кадыралиеванын, А.М.Алиевдин, Ы.Б.Тагаеванын, М.М.Алыйкулованын, Г.Ш.Байбагышеванын, Б.У.Рыскуловдун берген арыздарынын, ошондой эле 2011-жылдын 22, 23-июлундагы чүчүкулак боюнча протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- “Мекен ытнымагы” саясий партиясынан Кадыралиева Майрамгул Бейшеновна,  «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясынан Алиев Майрамбек Аскарбекович комиссиясынын курамынан чыгарылышсын;

- “Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы” саясий партиясынан Шатемирова Чинара Касалиевна, “Партия Зеленых Кыргызстана” саясий партиясынан Баялиев Жолдошбек Абдразакович резервден комиссиясынын курамына киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- ”Эл үчүн” саясий партиясынан Тагаева Ырыс Ботобековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- “Республика” саясий партиясынан Сапидинов Манасбек Жоробаевич резервден комисиянын курамына киргизилсин.

3. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Алыйкулов Марип Мукаметович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Байбагышева Гульнара Шаршембаевна комиссиянын резервинен чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Штенке Светлана Владимировна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Рыскулов Бахтияр Узбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Чаады уулу Эрмек резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

5. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Ар-Намыс» саясий партиясынан Шаршеева Айзада Белековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

 - «Демократическая партия «Туран» саясий партиясынан Шайлозов Акылбек Турдубекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

6. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш.. 2011-жылдын 20-сентябры

№ 268

 

 

 

Карап чыгуулар: (1281)