![]() Баткен областтык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө |
Өз ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуу түшкөндүгүнө байланыштуу (жашаган жери өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу) Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесиинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы №133 токтому менен бекитилген областтардын, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибине, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы №15 токтому менен бекитилген областтардын, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары тууралу Жобонун 2.11 пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен областтык шайлоо комиссиясынын түзүмүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: -“ЭрК” партиясынан көрсөтүлгөн Ысаков Жусупбек Бакурович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын; -комиссиянын курамына резервден “Замандаш” саясий партиясы көрсөткөн Жолдошов Махамаджан Исакович киргизилсин. 2. Аталган токтом “Эркин-Тоо” газетасына жарыялансын. 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А.САРИЕВ Бишкек ш., 2011-жылдын 3-февралы № 1 |
Карап чыгуулар: (1807) |