МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№22 Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 4-бөлүгүнө,  22-беренесинин  10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы  № 7 токтому менен бекитилген ”Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү  К.А.Маматовдун өз ыктыяры менен аны комиссиянын курамынан чыгаруу боюнча  арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Маматов Кайрат Адамкалиевич комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 


ТӨРАГА                                                                                Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2012-жылдын 31-январы

№ 22

Карап чыгуулар: (2027)