МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 1-, 3-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы №133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктунун 11-абзацына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2004-жылдын 15-июндагы №15 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө жобонун 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ


1. Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр  киргизилсин:

-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн комиссиянын мүчөсү Джунусалиев Амантай курамдан чыгарылсын;

-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Эралиев Асанкул Абдыканович  резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом  «Эркин-Тоо» газетасында жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.  

 

 

ТӨРАГА                                                                     А.САРИЕВ

Бишкек ш., 2010-жылдын 6-октябры

№302 

Карап чыгуулар: (1826)