![]() 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө |
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Эл аралык байкоочулар катары ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан төмөнкү жарандар (тиркемеге ылайык - 14 адам) аккредитациялансын. 2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин. 3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн. 4. Бул токтом ЖМКларда жарыялансын. 5. Бул токтом КР БШК мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА А.САРИЕВ Бишкек ш.,2010-жылдын 12- сентябры № 243
|
Карап чыгуулар: (2250) |