МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1.  Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдөн аккредитациялансын:

- Астана шаарындагы Бразилия Федеративдүү Республикасынын Элчилигинен  (№1 тиркеме - 2 адам);           

- Евразия экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынан   ( №2 тиркеме - 1 адам);

- ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан (№3 тиркеме - 3 адам);

- «Elections&Democracy» («Шайлоо жана демократия») Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык ассоциациясынан (№4 тиркеме- 25 адам).

2. Эл  аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.                     

4.  Бул токтом ЖМКда жарыялансын. 

5. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү А.Дж. Баялиновго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                             А.САРИЕВ

 Бишкек ш., 2010- жылдын 21 -сентябры

 №274

 

 

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (3383)