![]() 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6 жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Эл аралык байкоочу катары катталсын: - Ислам Конференциясы Уюмунан (№1 тиркеме - 6 адам); - Астана шаарындагы Польша Республикасынын элчилигинен (№2 тиркеме - 1 адам); - ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан (№3 тиркеме - 48 адам); - ЕНЕМО (№4 тиркеме - 37 адам). 2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин. 3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн. 4. Бул токтом ЖМКга жарыялансын. 5 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү А.Ж. Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага А.Сариев Бишкек ш., 2010-жылдын 30-сентябры № 290
|
Карап чыгуулар: (1935) |