МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6 жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын   Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 1.  Эл аралык байкоочу катары аккредитациялансын:

- Шайлоо системаларынын Эл аралык Фондунан (IFES) (№1 тиркеме – 1 адам);

- КМШ байкоочулар миссиясынан (№2 тиркеме - 4 адам);

- Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын элчилигинен

( №3 тиркеме - 2 адам);

- ШКУ байкоочулар миссиясынан (№ 4 тиркеме - 9 адам);

- ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан (№ 5 тиркеме - 64 адам)

 2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.                                                                      

 3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.                  

 4. Бул токтом ЖМКга жарыялансын.       

 5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Баялиновго жүктөлсүн.

        

 

Төрага                                                               А. Сариев 

Бишкек ш. 2010-жылдын 3-октябры 

№ 297

 

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (2050)