![]() “Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы №210 токтому менен “Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган. 2010-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган Расулов Вахобжон Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана аны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арызы, ошондой эле “Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынан аны чыгаруу жөнүндө өтүнүч келип түшкөн. “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1- пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. “Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Расулов Вахобжон чыгарылсын. 2. 2010-жылдын 7-сентябрында “Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынан катталган талапкердин №9 күбөлүгү жараксыз деп табылсын. 3. Бул токтом “Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы” саясий партиясына маалымдалсын.
ТӨРАГА А.САРИЕВ Бишкек ш., 2010- жылдын №236
|
Карап чыгуулар: (1347) |