![]() “Кыргызстан Элдеринин Союзу” саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 5-сентябрындагы №201 токтому менен “Кыргызстан Элдеринин Союзу” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган. 2010-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Кыргызстан Элдеринин Союзу” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган Жумаев Медетбектен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана аны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арызы, ошондой эле “Кыргызстан Элдеринин Союзу” саясий партиясынан аны чыгаруу жөнүндө өтүнүч келип түшкөн. “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1- пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. “Кыргызстан Элдеринин Союзу” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Жумаев Медетбек чыгарылсын. 2. 2010-жылдын 5-сентябрында “Кыргызстан Элдеринин Союзу” саясий партиясынан катталган талапкердин №14 күбөлүгү жараксыз деп табылсын. 3. Бул токтом “Кыргызстан Элдеринин Союзу” саясий партиясына маалымдалсын.
ТӨРАГА А.САРИЕВ Бишкек ш., 2010- жылдын 12-сентябры №237
|
Карап чыгуулар: (1412) |