МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

“Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен” саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-сентябрындагы №195 токтому менен   “Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган.

2010-жылдын 9-сентябрында  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган Сабитов Эрмек Абдрахманович, Осмоналиев Кубанычбек Сасыкулович, Ситников Георгий Евгеньевич, Усубалиева Гүлзат Теңизбековна, Бекмуратов Баймурат Асатович Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана аларды “Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыздары келип түшкөн.  

“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1- пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

1. “Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Сабитов Эрмек Абдрахманович, Осмоналиев Кубанычбек Сасыкулович, Ситников Георгий Евгеньевич, Усубалиева Гүлзат Теңизбековна, Бекмуратов Баймурат Асатович   чыгарылсын.

2. 2010-жылдын 2-сентябрында “Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен” саясий партиясынан катталган талапкердин №51,68,90,105,109 күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом “Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен” саясий партиясына маалымдалсын.

 

ТӨРАГА                                                                            А.САРИЕВ

Бишкек ш., 2010- жылдын 12-сентябры

 №238  

 

 

 

Карап чыгуулар: (2681)