МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Саясий партиялардын катталган талапкерлерин чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 6-сентябрындагы, 2010-жылдын 2-сентябрындагы, 2010-жылдын 9-сентябрындагы №№204,190, 230 токтомдору менен  “Замандаш”, “Кыргызстан Үй куруучулардын партиясы”, “Ата Журт” Идеалисттик демократиялык саясий партиясы” саясий партиялары көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталган.

          Борбордук шайлоо комиссиясына “Замандаш” саясий партиясынан катталган талапкер Тагайбаев Нурлан Асанкадыровичтен, “Ата Журт” Идеалисттик демократиялык саясий партиясы” саясий партиясынан Иминов Фархад Ажмухамбетовичтен КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө жана талапкерлердин тизмесинен алардын чыгаруу жөнүндө арыздары, “Кыргызстан үй куруучулардын партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен  талапкерлер: Жумабекова Турдукан Абдыкарыевнаны, Каскеева Бурул Джудоевнаны, Кусогонов Садатбек Тулкуевичти, Садалиев Акынбекти, Мамбеталиев Алмазбек Тукешовичти, Алиева Айнура Кабыловнаны, Кушубеков Аттокур Кошумбековичти, Омуралиев Сабырбек Бекишовичти, Чоконоев Жолдошбек Акылбековичти, Кенебаева Пазилет Момуновнаны, Джумагулов Нурдин Айылчиевичти, Маметов Курманбек Насыровичти, Сатиндиев Жумабек Абакировичти, Кошбаева Максат Аматовнаны, Касымалиев Каныбек Нарынбековичти, Кан Анатолий Тимофеевичти, Медерова Эллина Медеровнаны, Чымырбаев Керимкул Бусурманкуловичти, Абдусалямов Мамилатип Сакбаевичти, Мамбетова Майрамкүл Мокоевнаны, Царик Денис Алексеевичти, Шаменова Үмүт Конокбаевнаны, Актанов Маратбек Жусуповичти, Мамедова Наргозял Акифовнаны, Абдикеримова Отикахонди чыгаруу жөнүндө 2010-жылдын 4-октябрындагы протоколу келип түшкөн. .

Катталган талапкердин жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин  10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ 

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен төмөнкүлөр чыгарылсын:

 «Замандаш» саясий партиясынан:

- Тагайбаев Нурлан Асанкадырович;

«Ата-Журт» Идеалисттик демократиялык саясий партиясы” саясий партиясынан:

- Иминов  Фархад Ажмухамбетович.

 «Кыргызстан Үй куруучулардын партиясы» саясий партиясынан:

- Жумабекова Турдукан Абдыкарыевна, Каскеева Бурул Джудоевна, Кусогонов Садатбек Тулкуевич, Садалиев Акынбек, Мамбеталиев Алмазбек Тукешович, Алиева Айнура Кабыловна, Кушубеков Аттокур Кошумбекович, Омуралиев Сабырбек Бекишович, Чоконоев Жолдошбек Акылбекович, Кенебаева Пазилет Момуновна, Джумагулов Нурдин Айылчиевич, Маметов Курманбек Насырович, Сатиндиев Жумабек Абакирович, Кошбаева Максат Аматовна, Касымалиев Каныбек Нарынбекович, Кан Анатолий Тимофеевич, Медерова Эллина Медеровна, Чымырбаев Керимкул Бусурманкулович, Абдусалямов Мамилатип Сакбаевич, Мамбетова Майрамкүл Мокоевна, Царик Денис Алексеевич, Шаменова Үмүт Конокбаевна, Актанов Маратбек Жусупович, Мамедова Наргозял Акифовна, Абдикеримова  Отикахон.

2. Катталган талапкерлердин  күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын:

- «Замандаш» саясий партиясынын 2010-жылдын 6-сентябрындагы № 88;

- «Ата-Журт» Идеалисттик демократиялык саясий партиясынын 2010-жылдын 2-сентябрындагы  № 31;

- «Кыргызстан Үй куруучулардын партиясы» саясий партиясынын  2010-жылдын 9-сентябрындагы №№ 4, 8, 9,10, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 24, 26, 27, 28, 29, 32, 41, 67, 71.

3. Бул токтом «Замандаш», “Ата-Журт» Идеалисттик демократиялык саясий партиясы”, «Кыргызстан Үй куруучулардын партиясы» саясий партияларына маалымдалсын.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасында жарыялансын.

 

 

ТӨРАГА                                                               А. САРИЕВ

Бишкек ш., 2010-жылдын 6-октябры

№304

 

 

 

Карап чыгуулар: (2111)