МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - Мыйзамдар - Мыйзамдар
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2011-жылдын 30-июну N 62

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө

(КР 2013-жылдын 19-февралындагы N 23, 2014-жылдын 13-мартындагы № 40, 2015-жылдын 17-февралындагы N 34 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава
Жалпы жоболор

1-берене. Шайлоо комиссияларынын системасы

Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы);

2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары: Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча - райондук жана шаардык шайлоо комиссиялары (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиялары);

3) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары - участкалык шайлоо комиссиялары).

2-берене. Шайлоо комиссияларынын ишинин укуктук негиздери

Шайлоо комиссиялары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын (мындан ары - Конституция), "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

3-берене. Шайлоо комиссияларынын ишинин принциптери жана негизги кепилдиктери

1. Шайлоо комиссиялары төмөнкү принциптер боюнча өз ишин жүзөгө ашырат:

1) мыйзамдуулук;

2) айкындуулук;

3) ачыктык;

4) көз карандысыздык;

5) коллегиялдуулук;

6) адилеттүүлүк.

2. Шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясый партиялар, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын, телефондоштурулган жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (көргөзмө доскалар, ящиктер, добуш берүү үчүн кабиналар ж.б.), шайлоо документтерин жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле аларды кайтарууну камсыз кылууга; зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына кечиктирбестен, тийиштүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - дароо жооп берүүгө милдеттүү.

4. Саясый партиялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар, башка юридикалык жактар шайлоо, референдумду даярдоонун жүрүшүндө шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды шайлоо комиссияларына эки жумушчу күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - дароо берүүгө милдеттүү.

5. Талаптарды аткарбай койгон же талаптагыдай эмес аткарган, белгиленген мөөнөт бузулган учурда, ушул беренеде белгиленген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясый партиялардын, башка коммерциялык эмес уюмдардын кызмат адамдары жана башка юридикалык жактар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.

2-глава
Борбордук шайлоо комиссиясы

4-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын статусу

1. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуучу жана шайлоо комиссияларынын системасына башчылык кылуучу туруктуу иштеген мамлекеттик орган болуп саналат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн бюджети, атайын фонду, расмий бланкы жана Мамлекеттик герб түшүрүлгөн мөөрү бар юридикалык жак болуп саналат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнчө административдик имараттан орун алат.

5-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана он эки мүчөсүнөн турат.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн: анын курамынын үчтөн бирин - Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) сунушу боюнча, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунушу боюнча бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен шайлайт; ушул Мыйзамда каралган учурларда, аларды кызматтан бошотот.

3. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңеш тарабынан четке кагуу негиздүү болууга тийиш. Сунуш кылган субъект ошол эле же башка талапкерди сунуштоого укуктуу.

4. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн бош орду пайда болгон учурда, анын ордун ээлөө өзүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыктан бош орун пайда болгон Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн мурда шайлаган ошол эле субъекттин сунушу боюнча жүзөгө ашырылат.

5. Борбордук шайлоо комиссиясынын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары анын биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып башталат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи укук ченемдүү жыйналышынан кийин токтотулат.

6. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн, референдум өнөктүгүнүн учурунда бүткөн учурда, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ошол шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү аяктаганга чейин узартылат.

7. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын иши алардын ыйгарым укуктары бүткөнгө чейин Жогорку Кеңешти таркатууга, Жогорку Кеңештеги фракциялардын коалициясынын курамынын өзгөрүшүнө, Президенттин ыйгарым укуктарынын токтотулгандыгына жана мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу токтотулушу мүмкүн эмес.

6-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын милдеттери

Борбордук шайлоо комиссиясынын милдеттери:

1) Кыргыз Республикасынын аймактарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын жана референдумга катышуу укуктарынын сакталышын камсыз кылуу;

2) шайлоо мыйзамдарынын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылуу;

3) талапкерлер, саясый партиялар үчүн бирдей укуктук шарттарды сактоону камсыз кылуу;

4) шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын уюштуруу;

5) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону жана референдумду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу;

6) шайлоо системасын өнүктүрүү, шайлоо процессинин катышуучуларын маалымдар кылуу жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдарды окутуу.

7-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары

1. Борбордук шайлоо комиссиясы:

1) шайлоо мыйзамдарынын аткарылышына контролдук кылууну жүзөгө ашырат;

2) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде токтомдорду, нускамаларды, жоболорду, башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт;

3) шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзөт жана уюштурат;

4) аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемасын жана чек арасын карайт жана бекитет;

5) бекиген округду жана шайлоо участкаларын, алардын чек арасын жана дарегин көрсөтүү менен, алардын бекиген күнүнөн 5 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;

6) аймактык шайлоо комиссияларынын курамын түзөт жана бекитет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына алардын курамын жарыялайт;

7) тийиштүү төмөн турган шайлоо комиссияларынын резервин түзөт жана алып барат;

8) төмөн турган шайлоо комиссияларынын, анын ичинде шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, жүргүзүү, жаңылоо жана тактоо боюнча ишин координациялайт;

9) төмөн турган шайлоо комиссияларына укуктук, уюштуруу-усулдук жана техникалык жардам көрсөтөт;

10) шайлоо мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте шайлоо, референдумду даярдоону уюштурат жана өткөрөт;

11) шайлоо жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын алдын ала сметаларын иштеп чыгат жана бекитет;

12) шайлоо, референдумду даярдоону жана өткөрүүнү финансылоону уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзөт, шайлоо, референдумду даярдоону жана өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кылууга бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрөт, ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт;

13) атайын фонд түзөт жана аны пайдалануу тартибин аныктайт;

14) төмөн турган шайлоо комиссиялары, талапкерлер жана саясый партиялар үчүн финансылык отчеттун тариздерин белгилейт;

15) шайлоо документтеринин тариздерин, коргоо даражасын, даярдоо тартибин белгилейт жана текстин бекитет;

16) шайлоо документтерин даярдоону жана аларды төмөн турган шайлоо комиссияларына жеткирүүнү камсыз кылат;

17) шайлоо документтерин сактоонун мөөнөтүн, тартибин жана архивге өткөрүүнү белгилейт;

18) технологиялык жабдуулардын (көргөзмө доскалар, ящиктер, добуш берүү үчүн кабиналар ж.б.) ченемдерин иштеп чыгат жана бекитет жана алардын сакталышына контролдук кылууну жүзөгө ашырат;

19) Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн жана демилгечи топторунун тизмесин каттайт, аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;

20) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашыруун добуш берүүсү үчүн шарттарды түзөт;

21) эл аралык байкоочуларды, чет өлкөлүк жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоону жүзөгө ашырат;

22) шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;

23) шайлоо өнөктүгүнүн, референдум өнөктүгүнүн жүрүшү жөнүндө, шайлоо мыйзамдарын жана шайлоо комиссияларынын ишин шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына маалымдайт;

24) референдумдун, Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, тийиштүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчыларын шайлоонун натыйжаларын шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону жүзөгө ашырат;

25) Президенттикке шайланган талапкерди, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган талапкерлерди каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү төш белги жана күбөлүктөрдү тапшырат;

26) шайлоо комиссияларынын жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды карайт, текшерүүлөрдү жүргүзөт жана алар боюнча шайлоо мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жүйөлөнгөн чечим чыгарат;

27) өзүнүн расмий сайтына добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматты анын түшкөнүнө жараша чагылдырып турат;

28) шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү тажрыйбаларын иликтейт жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуштарды берет;

29) окутуу жана маалыматтык программаларды иштеп чыгат жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, резервди окутууларды дайыма өткөрүп турат, ошондой эле шайлоо процессинин башка катышуулары үчүн окууларды өткөрөт;

30) мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана эсебин жүргүзүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалардан маалыматтарды талап кылууга;

2) мыйзамда каралган учурларда жана тартипте, административдик жаза колдонууга;

3) ушул Мыйзамды жана шайлоо мыйзамдарын бузууларга тийиштүү текшерүүлөрдү жана тыюу салууларды жүргүзүү жөнүндө сунушу менен укук коргоо органдарына кайрылууга;

4) шайлоо мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте, талапкерди, талапкерлердин тизмелерин, демилгечи топторду каттоону жокко чыгарууга;

5) шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууга;

6) эл аралык байкоочулардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын аккредитацияларын кайра чакыртууга;

7) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга эмгек келишими боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди (адистерди) тартууга, аларга акы төлөп берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдар сметасы менен аныкталат;

8) эл аралык кызматташтыкты жүргүзүүгө.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаргандыгы же ылайыксыз аткаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

8-берене. Биринчи жыйын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо тартиби

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алар шайлангандан кийин беш календардык күндөн кечикпестен өздөрүнүн биринчи жыйналышына чогулушат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышы, эгерде ага белгиленген Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса укук ченемдүү болуп саналат жана курагы боюнча мүчөлөрүнүн улуусу алып барат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышында:

1) төрагалык кылуучу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн тааныштырат;

2) курамында Борбордук шайлоо комиссиясынын үч мүчөсүнөн турган эсептөө комиссиясы ачык добушу аркылуу катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен шайланат;

3) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана анын эки орун басарларын шайлоону өткөрөт.

4. Төраганын кызмат ордуна талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жогорку юридикалык билимге ээ же талапкер же болбосо шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары шайлоого катышкан тажрыйбасы болууга тийиш.

5. Добуш берүүгө катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көп сандагы добушун алган талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп шайланды деп эсептелет.

6. Эгерде талапкерлердин арасынан бири да биринчи турда шайлоо үчүн талап кылынган добуш санын алалбаган учурда, көпчүлүк добуш алган бир талапкер боюнча экинчи тур өткөрүлөт.

7. Эгерде талапкер экинчи турда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көп добушун алалбаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.

8. Эгерде талапкерлер биринчи турда тең добуш алган учурда, жаңы шайлоо өткөрүлөт.

9. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясынын келерки жыйналышына калтыруу мүмкүн эмес.

10. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча биринчи жыйналышта 10 сааттан ашпаган тыныгуу жарыяланышы мүмкүн.

11. Орун басардын кызмат ордуна талапкер жогорку юридикалык билимге ээ же талапкер же болбосо шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары шайлоого катышкан тажрыйбасы болууга тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарлары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлөт жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоо үчүн каралган тартипте шайланат.

12. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын, анын орун басарларын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомунда жол-жоболоштурулат.

13. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана орун басарлары мамлекеттик кызматчы болуп саналышат жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын туруктуу негизде жүзөгө ашырат.

14. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын, төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, бош орунду ээлөө шайлоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.

15. Биринчи жыйналышты, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана анын орун басарларын шайлоону уюштурууну камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жүктөлөт.

9-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруу-усулдук, маалыматтык-талдоо, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты жүзөгө ашырат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жетекчиликти Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жүзөгө ашырат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясынын ар бир аймактык шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссиясынын ишин координациялык, уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу, ошондой эле шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин жүргүзүүчү, жаңылоочу жана тактоочу туруктуу атайын өкүлү жана системалык администратору болот.

4. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына дайындалган атайын өкүл жана системалык администратор Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн жана системалык администраторунун иши жөнүндө жобо Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.

5. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.

6. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын уюштуруучулук түзүмү жана штаттык саны Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталат.

10-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын окутуу борбору

1. Окутуу борбору аппараттын кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдарын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө окутууну жүзөгө ашыруучу Борбордук шайлоо комиссиясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Окутуу борборунун иши Борбордук шайлоо комиссиясынын бюджетте каралган каражаттарынан, ошондой эле атайын фонддон жана мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардан каржыланат.

3. Окутуу борбору келишим боюнча шайлоо процессинин башка катышуучуларын (саясый партиялардын мүчөлөрүн жана өкүлдөрүн, талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, байкоочуларды ж.б.) да окутууну жүзөгө ашырышы мүмкүн.

4. Окутуу борборунун иши жөнүндө жобо Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.

11-берене. Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасы

1. Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын эсебинин бирдиктүү системасы (мындан ары - шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү системасы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик каттоо кызматы, Улуттук статистика комитети жана башка Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун жана эсебин алуунун ар кандай формаларын жүргүзгөн башка органдар жана мекемелер берген Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана эсеби боюнча маалыматтардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулар, референдумдун катышуучулары тууралуу маалыматтарды түзөт жана үзгүлтүксүз жаңылап турат жана шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү системасын алып барат.

3. Шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү системасын түзүү, алып баруу жана жаңылоонун тартиби тууралуу жобо Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.

3-глава
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү

12-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн статусу жана ишинин негизги кепилдиктери

1. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө саналып өткөн адамдарды кошпогондо, 25 жашка чыккан, активдүү шайлоо укугуна ээ, жогорку билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө Жогорку Кеңештин Төрагасы белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.

3. Төмөнкүлөр Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт.

1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

2) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы;

3) судья, аскер кызматкери, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери;

4) талапкер, талапкердин, саясый партиянын өкүлү;

5) башка төмөн турган шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

6) мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

7) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам.

4. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын тууган адамдар шайланышы мүмкүн эмес.

5. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурунда саясый партиядагы өз ишмердигин токтото турууга милдеттүү.

6. Төраганы жана төраганын орун басарларын кошпогондо, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын негизги ишинен ажыратылбастан жүргүзөт.

7. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда анын макулдугу болмоюнча башка ишке которулушу же администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча бошотулушу мүмкүн эмес.

8. Шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилине негизги ишинен убактылуу бошотулган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан эмгек акынын белгиленген өлчөмү берилет.

9. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдарынын ордун толтурууга кепилдик берилет, ошондой эле тийиштүү жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сый акы төлөнөт.

10. Шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө карата жазык иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн.

11. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү тигил же бул маселе боюнча өз пикири, сунушу үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана аппараттын кызматкерлерине өз ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алууга мажбурлоо максатында таасир көрсөтүү, зомбулук аракеттерди жасоо, мазактоо, ага тете ушактоо, анын ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерди аткарышы жөнүндө жалган маалыматтарды таркатуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

12. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө комиссияда иштөө үчүн шарттар түзүлөт, комиссияда иштеген мезгилде имарат, транспорт жана байланыш каражаттары берилет.

13. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн медициналык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн тейлөө деңгээлинде белгиленет.

13-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:

1) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын күн тартиби боюнча сунуштарды, талкууланып жаткан маселенин маңызы боюнча сунуштарды, сын пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизет, маалымкаттарды берет, каралып жаткан бардык маселелер боюнча жарыш сөзгө катышат;

2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген жана анын жыйналыштарында каралып жаткан ар кандай маселелер боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга укуктуу;

3) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда, өзгөчө пикирге ээ болууга жана аны кароону талап кылууга укуктуу;

4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясый партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана жарандарды кабыл алат;

5) Борбордук шайлоо комиссиясынын тапшырмасы боюнча төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишине контролдук кылууну жүзөгө ашырат, текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына билдирет;

6) шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелери жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген башка маселелер боюнча ченемдик укуктук жана башка актыларды даярдоого катышат;

7) Борбордук шайлоо комиссиясынын жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын шайлоого, референдумга түздөн-түз байланышкан документтери жана материалдары менен таанышат, ал документтер менен материалдардын (мыйзамда белгиленген тартипте купуя маалыматтарды камтыган документтер менен материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алат;

8) мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык кеңешмелерине жана жыйналыштарына катышууга;

2) жүйөлүү себептер боюнча (убактылуу ишке жарамсыздыгы жөнүндө тастыкталган баракчанын негизинде ооруган учурда; Эмгек кодексине ылайык эмгектик же башка өргүүгө чыкканда; Борбордук шайлоо комиссиясынын регламентинде каралган башка себептер боюнча) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына катышууга мүмкүнчүлүгү болбогону жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына күн мурунтан билдирүүгө;

3) төмөн турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө окуу өткөрүүгө;

4) Борбордук шайлоо комиссиясынын тапшырмаларын жана милдеттерин аткарууга.

14-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:

1) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдарда Борбордук шайлоо комиссиясынан атынан чыгат;

2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштурат;

3) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарын чакырат жана төрагалык кылат;

4) анын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

5) Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна жана башка документтерине кол коет;

6) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин ишке ашышы үчүн контролдук кылууну жүзөгө ашырат;

7) орун басарларынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди жана тапшырмаларды бөлүштүрөт;

8) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

9) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын штаттык санын, түзүмүн жана чыгымдарынын сметасын бекитет;

10) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин жана штаттан тышкаркы кызматкерлерди ишке кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат;

11) шайлоо комиссияларынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечет;

12) Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн бардык сунуштар, арыздар жана даттануулар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө маалымдайт жана аларды кароо боюнча ишти уюштурат;

13) мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болбогон мезгилде анын ыйгарым укуктарын анын орун басарларынын бири аткарат.

15-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин милдеттеринен Жогорку Кеңеш тарабынан төмөнкү учурларда бошотулат:

1) өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жоготкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда же чет мамлекеттин аймагында жарандын туруктуу жашоо укугун ырастаган жашоо уруксатын алганда;

3) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка чыгып кеткенде;

4) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

5) иш-аракетке жөндөмсүз, иш-аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, кайтыш болгон же аны дайынсыз жоголгон деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

6) Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча - кайтыш болгондо;

7) Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча - милдеттерди жана тапшырмаларды дайыма аткарбаганда;

8) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздерде.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү ал Президенттин кызмат ордуна талапкер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкер же анын өкүлү болуп катталган учурда, Жогорку Кеңештин чечимисиз эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдетинен бошотулду деп эсептелет. Аталган учурларда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын он күндүк мөөнөттө токтотууга милдеттүү.

4-глава
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери

16-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруу

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын иши коллегиялуу, айкындуу жана ачык, анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди эркин талкуулоонун жана чечүүнүн негизинде жүзөгө ашырат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы, эгерде анын курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экиден кем эмесинен түзүлсө, ишке киришүүгө укук ченемдүү.

3. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруунун ички маселелери Борбордук шайлоо комиссиясынын регламентинде аныкталат.

17-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы (мындан ары - жыйналыш) төрага тарабынан, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн биринин талабы боюнча чакырылат.

2. Шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жыйналыш жумасына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

3. Эгерде жыйналышка Борбордук шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын көпчүлүк мүчөсү катышса, ал укук ченемдүү болуп саналат. Жыйналыш протоколдоштурулат.

4. Жыйналыш Борбордук шайлоо комиссиясы туруктуу турган жерде өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы көчмө жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

5. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, талапкердин, саясый партиянын, коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, талапкерлер, демилгечи топтордун мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар жыйналышка катышууга укуктуу.

6. Жыйналышта сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароодо кызыкдар тараптар, алардын өкүлдөрү катышууга укуктуу.

18-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин кабыл алуу тартиби

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери ушул Мыйзамда аныкталган тартипте, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы тарабынан кабыл алынат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын регламентин кабыл алуу, шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүүнү финансы жактан камсыз кылуу, талапкерлерди, талапкерлердин, демилгечи топтордун тизмесин каттоо жөнүндө, талапкерлерди, талапкерлердин, демилгечи топтордун тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу, талапкерлерди, талапкерлердин, демилгечи топтордун тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө, шайлоо, референдумдун натыйжалары тууралуу, шайлоо же референдумду болгон жок же анык эмес деп таануу, кайталап добуш берүү же кайрадан шайлоо өткөрүү жөнүндө, төмөн турган шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу, төмөн турган шайлоо комиссияларын таркатуу жөнүндө маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экиден добушу менен кабыл алынат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясынын башка маселелер боюнча чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Төрагалык кылуучу жарыя кылган бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн натыйжалары жыйналыштын протоколуна киргизилет.

4. Борбордук шайлоо комиссиясы анын кайсы гана болбосун мүчөсүнүн талабы боюнча анын компетенциясына кирген жана бекитилген күн тартибине ылайык анын жыйналышында карала турган ар кандай маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүүгө милдеттүү.

5. Шайлоо, референдумдун натыйжалары жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын протоколдоруна Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.

6. Жыйналышка катышып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү добуш берүүдөн калыс болууга укуксуз.

7. Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим боюнча өзгөчө пикири бар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каралышы, протоколдо чагылдырылышы жана ага тиркелиши керек.

8. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери алар кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери 24 сааттын ичинде жарыяланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.

9. Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

10. Жыйналышта кабыл алынган чечим жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы арыз ээсине же кызыктар тараптын өкүлдөрүнө, мыйзамда белгиленген мөөнөттө жана тартипте, билдирилет, алардын өтүнүчтөрү боюнча аларга чечимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет.

11. Борбордук шайлоо комиссиясынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдери мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, саясый партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын кызмат адамдары, талапкерлер, демилгечи топтордун мүчөлөрү, шайлоочулар, референдумдун катышуучулары, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссиялары үчүн милдеттүү.

12. Борбордук шайлоо комиссиясынын Конституцияга, мыйзамдарга карама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктардан аша кетүү менен кабыл алынган чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан же сот тартибинде жокко чыгарылууга жатат.

5-глава
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары

19-берене. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары жана аларды түзүүнүн тартиби

1. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат.

2. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.

3. Эгерде аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн, референдум өнөктүгүнүн мезгилинде бүткөн учурда, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ошол шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү аяктаганга чейин узартылат.

4. Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен, саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.

5. Участкалык шайлоо комиссиясы ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын резервинен жети мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.

6. Жогору турган шайлоо комиссиясы сунушталган талапкерлердин ичинен шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн бекитет.

7. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын резерви тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн каралган санынан кем эмес санда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Резервди түзүү жана алып баруу тартиби жөнүндө жобо Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомунда бекитилет.

8. Эгерде саясый партиядан аймактык шайлоо комиссиясынын каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган учурда, анда тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрөт. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясый партиялардын өкүлдөрү, саясый партиялардан шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, бош орунду ээлөө үчүн саясый партиялардын резервин түзөт.

9. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны тийиштүү шайлоо участкасындагы шайлоочулардын санына карай Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй аныкталат:

1) 0дөн 500 шайлоочуга чейин - участкалык шайлоо комиссиясынын жетиден кем эмес мүчөсү;

2) 501ден 1200 шайлоочуга чейин - участкалык шайлоо комиссиясынын тогуздан кем эмес мүчөсү;

3) 1201ден көп шайлоочуга - участкалык шайлоо комиссиясынын он бирден кем эмес мүчөсү.

10. Жогору турган шайлоо комиссиясынын төрагасы тийиштүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын ал түзүлгөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен чакырат.

11. Шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 5-8-бөлүктөрүндө каралган, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

12. Төраганын жана катчынын бош кызмат ордун ээлөө шайлоо тартибинде жүргүзүлөт.

13. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамы, тизмеси, чек арасы жана дареги жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан алар түзүлгөн күндөн тартып үч календарлык күндөн кечиктирбестен расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.

14. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын биринчи жыйналышы өткөрүлгөн күндөн тартып башталат жана аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи укук ченемдүү жыйналышынан кийин токтотулат.

15. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын курамынан чыкканда, анын ордун ээлөө ал чыккандан кийин үч күндөн кечиктирбестен ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен, тийиштүү шайлоо комиссиясын түзүүдө өткөрүлгөн чүчүкулактын кезектүүлүгүнө жараша резервден жана саясый партиялардын өкүлдөрүнүн резервинен жүргүзүлөт.

16. Саясый партиялар тарабынан тийиштүү шайлоо комиссиясынын зарыл сандагы өкүлдөрдү сунуш кылынбаган учурда шайлоо комиссиясын толуктоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан тийиштүү шайлоо комиссиясынын резервинен жүргүзүлөт.

17. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссиясын түзүүнүн жана ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

20-берене. Аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары

1. Аймактык шайлоо комиссиясы:

1) ушул Мыйзамдын жана шайлоо мыйзамдарынын жоболорунун аткарылышы үчүн контролдукту жүзөгө ашырат, ошондой эле тийиштүү аймакта алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат;

2) тийиштүү аймакта шайлоо, референдумду даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат;

3) шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемаларын жана чек араларын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кароо жана даярдоо үчүн сунуш киргизет;

4) участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзөт жана бекитет жана алардын жайгашкан ордун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;

5) калкка участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номурлары тууралуу маалымдайт;

6) тийиштүү аймакта шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштурат жана шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн угат;

7) участкалык шайлоо комиссияларына укуктук, уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жардам көрсөтөт;

8) участкалык шайлоо комиссияларынын имарат, транспорт, байланыш менен камсыз болушун контролдойт, шайлоо, референдумду материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;

9) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзөт, жазат, жаңылайт жана тактайт;

10) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин жалпы таанышууга жана көрүүгө сунуш кылынышына контролдукту жүзөгө ашырат;

11) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын тескейт, аларды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдукту камсыз кылат;

12) бардык талапкерлер жана саясый партиялар үчүн шайлоо алдындагы иште бирдей укуктук шарттардын сакталышын камсыз кылат;

13) жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин, алардын өкүлдөрүн каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;

14 участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо жана башка документтерди жеткирүүнү уюштурат;

15) шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте, айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп тааныйт;

16) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолорду өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу мыйзамда аныкталган учурларда жана тартипте, тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилейт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт;

17) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо, референдумда добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилейт;

18) Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү шайлоолордо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду өткөрүп берет;

19) жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына шайланган талапкерлерди каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;

19-1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген учурда жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот;

20) участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, алар боюнча чечимдерди кабыл алат;

21) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди архивге же Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат;

22) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттик каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчет берет;

23) зарыл болгондо шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга эмгек келишимдери боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди тартат;

24) участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана резервди окутат;

25) ушул Мыйзамга жана шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат.

2. Аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2015-жылдын 17-февралындагы N 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-берене. Участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары

1. Участкалык шайлоо комиссиясы:

1) тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын дареги жана телефон номуру тууралуу, анын иштөө убактысы, добуш берүү күнү жана орду жөнүндө, ошондой эле шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын тизмеге киргизүү жөнүндө калкка маалымдайт;

2) шайлоочулар жана референдумдун катышуучуларынын таанышуусу жана такташы үчүн шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;

3) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесиндеги каталыктар жана так эместиктер тууралуу арыздарды кабыл алат жана карайт, аларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени чечет;

4) шайлоо дареги боюнча добуш берүү боюнча шайлоочулардан арыздарды кабыл алат;

5) тийиштүү аймактагы шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактайт;

6) шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын жайгаштыруу эрежелеринин сакталышына контролдук кылат;

7) шайлоо, референдум күнү шайлоо участкасында добуш берүүнү уюштурат;

8) шайлоо участкасы боюнча добуштарды эсептөөнү жүргүзөт жана добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилейт;

9) шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп берүүнү камсыз кылат;

10) шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна арыздарды жана даттанууларды өз компетенциясынын чегинде карайт жана алар боюнча чечимдерди кабыл алат;

11) зарыл болгондо шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга эмгек келишимдери боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди тартат;

12) материалдык баалуулуктардын жана мүлктүн сакталышын камсыз кылат;

13) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттик каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчет берет;

14) ушул Мыйзамга жана шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат.

2. Участкалык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.

22-берене. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн статусу

1. Төмөнкүлөр аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт:

1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

3) судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

4) талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

5) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

6) мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

7) башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

8) (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Аймактык, участкалык бир шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайланышы мүмкүн эмес.

3. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү негизги ишинен ажыратылбастан иштейт.

4. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде негизги иши боюнча милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулат.

5. Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен шайлоо жана референдум дайындалган күнүнө белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жыйырма эсе өлчөмүндө сый акы төлөнөт.

Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине негизги ишинен бошогон аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө негизги иш орду боюнча (менчиктин түрүнө карабастан) орточо эмгек акы сакталат.

6. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүндө сый акы төлөнөт.

Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш эсе өлчөмүндө сый акы төлөнөт.

7. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тигил же бул маселе боюнча өз пикири, сунушу үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө өз ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алууга мажбурлоо максатында таасир көрсөтүү, зомбулук аракеттерди жасоо, мазактоо, ага тете ушактоо, анын ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерди аткарышы жөнүндө жалган маалыматтарды таркатуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

8. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдумду өткөрүү мезгилинде жана шайлоо, референдум аяктагандан кийин 6 айдын ичинде администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен бошотулушу же анын макулдугу болмоюнча башка ишке которулушу мүмкүн эмес.

9. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү:

1) жыйналыш жөнүндө күн мурдатан кабардар болот;

2) тийиштүү шайлоо комиссиясынын ыйгарым укугуна кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет;

3) аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарына кирген жана анын жыйналыштарында каралып жаткан ар кандай маселелер боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга укуктуу;

4) тийиштүү жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын документтери жана материалдары менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга (шайлоочулардын тизмелерин, шайлоо бюллетендерин кошпогондо) жана аларды күбөлөндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу;

5) тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясына шайлоо комиссиясынын аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга укуктуу;

6) шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун инсандыгы көрсөтүлгөн документ туура келишин жана бюллетенди алуунун тууралыгын текшерүүгө укуктуу;

7) жыйналышта добуш берүүдөн калыс болууга укуксуз.

10. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча төмөнкү учурларда милдеттеринен бошотулат:

1) өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде;

2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткенде;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жоготкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда же чет өлкө мамлекетинин аймагына жарандын туруктуу жашоо укугун ырастаган жашап туруу уруксатын алганда;

4) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

5) аны аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жана дайынсыз жоголду, өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

6) тийиштүү шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча - кайтыш болгондо;

7) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер пайда болгондо;

8) тийиштүү шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз милдеттерин жана тапшырмаларды дайыма аткарбайт деген ырастоосу таанылганда;

9) аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы таркатылганда;

10) тийиштүү аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча - милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдө аткарбаганда.

11. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, бош орунду ээлөө ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен шайлоо тартибинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2013-жылдын 19-февралындагы N 23, 2014-жылдын 13-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

23-берене. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу

1. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын иши коллегиялуулуктун, айкындуулуктун жана ачыктыктын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы, эгерде анын курамы анын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экиден кем эмесинен түзүлсө, ишке киришүүгө укук ченемдүү.

3. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу маселелери ушул Мыйзам жана шайлоо мыйзамдары тарабынан аныкталат.

4. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышы, эгерде анда тийиштүү шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, укук ченемдүү болуп саналат. Биринчи жыйналышты тийиштүү шайлоо комиссиясынын курагы улуу мүчөсү ачат жана алып барат.

5. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышында:

1) төрагалык кылуучу шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн тааныштырат;

2) эсептөө комиссиясы тийиштүү шайлоо комиссиясынын үч мүчөсүнөн турган курамда катышкан мүчөлөрдүн санынын көпчүлүгүнүн ачык добушу менен шайланат;

3) шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт.

6. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын жыйналыштары (мындан ары - жыйналыш) төрага тарабынан, ошондой эле тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн биринен кем эмесинин талабы боюнча чакырылат. Шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жыйналыштар жумасына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

7. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүгү катышканда, жыйналыш укук ченемдүү. Жыйналыш протоколдоштурулат.

8. Шайлоо, референдумду даярдоону жана өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кылуу, талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө же шайлоонун натыйжалары, шайлоолор болгон жок же анык эмес деп таануу, кайталап добуш берүүнү өткөрүү, кайра добуш берүүнү же кайталап шайлоону өткөрүү тууралуу, участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө маселелер боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери жыйналышта аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экиден кем эмеси тарабынан кабыл алынат.

9. Шайлоо, референдумду даярдоону жана өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кылуу, шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдери жыйналышта участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экисинен кем эмеси тарабынан кабыл алынат.

10. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын башка маселелер боюнча чечимдери жыйналышта тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

11. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерине шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат.

12. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен макул эмес мүчөсү жазуу жүзүндөгү өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал жыйналыштын протоколунда чагылдырылып, ага тиркелиши жана төрага тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясына эки күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен, ал эми добуш берүү күнү жана добуш берүүдөн кийинки күнү - токтоосуз билдирилиши керек.

24-берене. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу тартиби

1. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй учурларда таркатылат:

1) тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын же шайлоо, референдумдун натыйжаларын жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жараксыз деп табууга алып келген жарандардын шайлоо укуктары шайлоо комиссиясы тарабынан бузулганда;

2) мыйзамдын талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда;

3) ушул Мыйзамдын 19-беренесинин талаптары бузулганда.

2. Тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясына аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө шайлоо комиссиясынын мүчөсү, шайлоо комиссиясы, ошондой эле талапкер, саясый партия арыз менен кайрылууга укуктуу. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндөгү арыз добуш берүү күнүнө же кайталап добуш берүүнү өткөрүүдө - бул шайлоо участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген кийинки мезгилге чейин он календардык күндөн кечиктирбестен, бирок кайталап добуш берүү датасынын күнүнө чейин жети календардык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн.

3. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндөгү арыз кароого токтоосуз кабыл алынат жана ал боюнча чечим арыз берилген күндөн тартып эки календардык күндөн кечиктирбестен чыгарылат.

4. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, жогору турган шайлоо комиссиясы ушул Мыйзамдын жобосуна ылайык, жаңы курамдагы аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын түзөт.

5. Аны таркатуу жөнүндөгү чечим кабыл алынгандан кийин жаңы курамдагы аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы үч календардык күндөн кечиктирбестен түзүлүшү керек.

6. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу талапкердин же саясый партиянын өкүлүнүн ыйгарым укуктарынын токтолушуна алып келбейт.

6-глава
Корутунду жоболор

25-берене. Шайлоо комиссияларынын ишин финансылык жактан камсыз кылуу

1. Борбордук шайлоо комиссиясын финансылоо кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте өзүнчө сап менен каралат.

2. Кезектеги шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө каражат бөлүүлөр финансылык жылга республикалык бюджетте өзүнчө сап менен каралат.

3. Шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Шайлоо, референдумду өткөрүүгө каражаттар Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине шайлоо, референдум дайындалган күндөн он календардык күндөн кечиктирбестен которулат жана төмөн турган комиссияларынын ортосунда бөлүштүрүлөт.

4. Шайлоо, референдумду чет өлкөлүк мамлекеттер, чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар, Кыргыз Республикасында катталган эл аралык уюмдар, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү программаларын, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча илимий-изилдөө, маалыматтык, билим берүү программаларын, ошондой эле шайлоо, референдумду техникалык даярдоону финансылоону кошпогондо, катышуучусу чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар болуп саналган юридикалык жактар тарабынан шайлоо, референдумду финансылоого тыюу салынат.

5. Шайлоо системасын өнүктүрүүгө, анын ичинде жаңы шайлоо технологияларын, автоматташтыруу каражаттарын киргизүүгө, шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, резервди укуктук жактан окутууга байланыштуу мамлекеттик программалардын иш-чараларын финансылык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондунан жана башка мыйзам менен тыюу салынбаган финансылоо булактарынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

6. Шайлоо комиссиясынын төмөнкүдөй чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен финансыланат:

1) шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жана сыйакы берүү, ошондой эле эмгек келишими боюнча шайлоо комиссияларында иштөөгө тартылган жарандарга төлөмдөр;

2) басма продукциясын даярдоого жана басма ишин жүзөгө ашырууга (Борбордук шайлоо комиссиясынын бюллетени);

3) шайлоо, референдумду жана шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын камсыз кылуу үчүн зарыл жабдууларды (анын ичинде технологиялык), башка материалдык баалуулуктарды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга;

4) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссиялары менен байланышты (телефондук, факсимилдүү, почталык, электрондук), транспорттук чыгымдарды камсыз кылууга;

5) шайлоо документтерин жеткирүүгө, сактоого, аларды архивге өткөрүп берүүгө даярдоого же жок кылууга;

6) алардын чектерин, даректерин көрсөтүү менен шайлоо участкаларынын, шайлоо округдарынын тизмесин, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жарыялоого;

7) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин жана аларды шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасына киргизүү жөнүндө кабарламаларды жарыялоого;

8) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүүгө, өнүктүрүүгө жана жүргүзүүгө;

9) шайлоо, референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу максатында шайлоо комиссияларынын иш сапарлары жана жол-киреси боюнча чыгымдардын ордун толтурууга;

10) талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партияларга акысыз эфирдик убакыт, акысыз басылма аянтын берүүгө;

11) шайлоо комиссияларынын маалыматтарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого;

12) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана резервди үзгүлтүксүз жана дайыма окутууну өткөрүүгө;

13) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күнгө, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө суткалык төлөөлөргө;

14) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күнгө, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак уюштурууга;

15) шайлоо, референдумду өткөрүүгө, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин камсыз кылууга байланышкан башка чыгымдар.

7. Шайлоо комиссиялары акча каражаттарын чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык бөлүнгөн каражаттардын чегинде шайлоо, референдумду өткөрүүгө чыгымдайт. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарын борбордоштурулган тартипте төлөй алат.

8. Участкалык шайлоо комиссиясы республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетту добуш берүү күнүнөн кийин жети календардык күндөн кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына берет.

9. Аймактык шайлоо комиссиясы республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө отчетту добуш берүү датасынын күнүнөн кийинки жыйырма календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

10. Борбордук шайлоо комиссиясынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо жөнүндө финансылык отчету жарыялоонун расмий булактарында, Борбордук шайлоо комиссиясынын бюллетенинде жана расмий сайтында шайлоо, референдумдун натыйжалары жарыяланган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен жарыяланат.

11. Шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескейт жана финансылык документтердин шайлоо комиссияларынын финансылык маселелер боюнча чечимдери менен шайкеш келгендиги жана финансылык отчетторду ушул Мыйзамда бекитилген мөөнөттөрдө жана тартипте берүү үчүн жоопкерчилик тартат.

26-берене. Өткөөл жобо

1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) Борбордук шайлоо комиссиясы, максатка ылайыктуулугуна жараша, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде республиканын административдик-аймактык түзүлүшүн эске албай туруп аймактык шайлоо комиссияларын түзүүгө укуктуу;

2) Борбордук шайлоо комиссиясы областтык шайлоо комиссияларынын тийиштүү документтерин тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү боюнча зарыл керектүү чараларды көрсүн.

2. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын резервдери ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып түзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, шаарлардын мэриялары областтык, райондук мамлекеттик администрацияларынын, шаарлардын мэрияларынын системалык администраторлорунун штаттык бирдигин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү боюнча чараларды кабыл алсын.

4. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй чараларды кабыл алсын:

- өзүнүн штаттык расписаниесине системалык администраторлордун жана атайын өкүлдөрдүн штаттык бирдигин киргизүү боюнча;

- областтык, райондук мамлекеттик администрацияларынын, шаарлардын мэрияларынын иштеп жаткан системалык администраторлорунун штаттык бирдигин киргизүүгө которуу боюнча.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүнүн жана системалык администраторлорунун ар айлык эмгек акысын каржылоого акча каражаттарын тапсын.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап он беш күндүн ичинде шайлоочулардын жаңыртылган тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына берсин.

27-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 30-июнунда N 51 жарыяланды

2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 3, 131-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 6, 249-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., N 2, 106-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., N 3, 185-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин тоо" газетасы, 2006-жылдын 22-августу, N 62);

- "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясы ("Эркин тоо" газетасы, 2007-жылдын 15-июну, N 43);

- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин тоо" газетасы, 2008-жылдын 1-августу, N 56);

- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин тоо" газетасы, 2008-жылдын 8-августу, N 58);

- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин тоо" газетасы, 2009-жылдын 9-январы, N 1).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

Р.Отунбаева

 

2011-жылдын 24-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

Карап чыгуулар: (5329)