МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо жөнүндө

 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин 3, 4, 5, 6, 7-пункттарын жетекчиликке алып жана Борбордук шайлоо комиссиясынын эсептөө комиссиясынын №3, №4, №5, №6 протоколдорунун негизинде,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасын шайлоо жөнүндө 2011-жылдын 4-июлундагы эсептөө комиссиясынын №3, №4 протоколу бекитилсин.

Абдраимов Туйгуналы Дүйшеналиевич Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына шайланды деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө 2011-жылдын 4-июлундагы эсептөө комиссиясынын №5 протоколу бекитилсин.

Шайымкулова Айнура Токтогуловна Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына шайланды деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө 2011-жылдын 4-июлундагы эсептөө комиссиясынын №6 протоколу бекитилсин.

Журабаева Гүлнара Курашбековна Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына шайланды деп эсептелсин.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын котролдоо Уюштуруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Жыйналыштын төрагасы                                                          Ж.Бапанова

 

Бишкек ш., 2011-жылдын 4-июлу

№ 2

 

Карап чыгуулар: (1528)