МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана шайлоо мыйзамдарынын китепчелерин басып чыгаруу жөнүндө

Шайлоо процессинин катышуучуларын шайлоо мыйзамдары менен камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Китепчелер басылып чыгарылсын:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттик жана расмий тилдерде саны 7000 (жети миң) нускада.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы мамлекеттик жана расмий тилдерде саны 15000 (он беш миң) нускада.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы мамлекеттик жана расмий тилдерде саны 15000 (он беш миң) нускада.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.

3.Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.

 

Төрага                                                                                      Т.Абдраимов 

Бишкек ш., 2011-жылдын 5-июлу

 №4

Карап чыгуулар: (2335)