![]() Казакстан Республикасынын Алматы шаарында түзүлгөн № 027 шайлоо участкасынын жайгашкан ордун өзгөртүү жөнүндө |
Казакстан Республикасынын Алматы шаарында түзүлгөн № 027 шайлоо участкасынын жайгашкан ордун өзгөртүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын ТИМге каты тиркелет) жарандардын кайрылуусуна байланыштуу, алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн толук шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Алматы шаарында түзүлгөн № 027 шайлоо участкасынын жайгашкан орду Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун имаратына которулсун. 2. Шайлоо участкасынын жаңы орду: Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын 3-градокомплекс -188 дарегине аныкталсын. 3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ Бишкек ш. 2010-жылдын 2-октябры № 296
|
Карап чыгуулар: (2179) |