МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө

 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 53-беренесинин  7- бөлүгүнүн 1-пунктуна,52-беренесинин  6,9- бөлүктөрүнө ылайык, жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1- бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы №5 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоодогу кол чогултуу барактарынын формаларынын бузулушу  жана колтамгаларды  чогултуунун тартибин сакталбагандыгына байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна Айтикеев Акбаралы Ысырайыловичти талапкерликке  каттоодон баш тартылсын

2. Айтикеев Акбаралы Ысырайыловичке ушул токтомдун көчүрмөсү берилсин.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ  

Бишкек ш., 2011-жылдын  20-сентябры

№ 265

Карап чыгуулар: (2002)