![]() М.Абыловду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө |
Тил боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 53-беренесинин 7- бөлүгүнүн 1- пунктун, 51-беренесинин 1-бөлүгүн, 50-беренесинин 3- бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1- бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуу ниети жөнүндө арыз тапшырган Мамбетжунус Абылов мамлекеттик тилди билбейт деп аныкталсын. 2. Мамбетжунус Абыловду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартылсын. 3. Мамбетжунус Абыловго ушул токтомдун көчүрмөсү берилсин. 4. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын. 5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 14-сентябры № 252
|
Карап чыгуулар: (1823) |