МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

З.К.Парманкуловго Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө

Тил боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 53-беренесинин 7- бөлүгүнүн 1- пунктун, 51-беренесинин 1-бөлүгүн, 50-беренесинин        3- бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин             1- бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуу ниети жөнүндө арыз тапшырган Парманкулов Замирбек Култаевич мамлекеттик тилди билбейт деп аныкталсын.

2. Парманкулов Замирбек Култаевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартылсын.

3. Парманкулов Замирбек Култаевичке ушул токтомдун көчүрмөсү берилсин.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2011-жылдын 14-сентябры

№ 253

Карап чыгуулар: (2064)