МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ж.Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ж.Асановдон 2011-жылдын 9-августунда келип түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 1-августундагы № 71 токтому менен катталган, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  Б.Ж.Асановдун төмөндөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:  

-Алтымышбаева Айнура Набиевнанын, 1969-жылы туулган;

-Касымова Акылай Тынчтыкбековнанын, 1991-жылы туулган. 

 2. Алтымышбаева Айнура Набиевнага жана Касымова Акылай Тынчтыкбековнага берилген 2011-жылдын 1-августундагы  № 1 жана № 2 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

 3. Ушул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2011-жылдын 12-августу

№ 97

Карап чыгуулар: (1938)