“Кыргызстандын – элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө |
“Кыргызстандын – элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоосун бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 22-пунктчаларына, 26-беренесинин 3-, 6-, 7-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргызстандын – элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жолдошбаев Бахтияр Сатышевичтин ыйгарым укуктары токтотулсун. 2. 2010-жылдын 12-августундагы № 016 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын. 3. Трофимова Елена Вячеславовна “Кыргызстандын – элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын. 4. Саясий партиянын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө каттоо күбөлүгү берилсин. 5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
ТӨРАГА А. САРИЕВ Бишкек ш. 2010-жылдын 30-сентябры №288
|
Карап чыгуулар: (1801) |