МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”, “Жашасын Кыргызстан” саясий партияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү бергендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Кодексинин 26-беренесинин 3-,6-7- пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 1-,3-,22-пунктчаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

  

ТОКТОМ    КЫЛАТ

 

 1. Төмөнкү саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:

“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы:

- Акматов Азамат Жусупбекович - шайлоо боюнча;

“Жашасын Кыргызстан” саясий партиясы:

- Осмоналиев Муса Жунушбекович – финансы маселелери боюнча;

2. 2010-жылдын 15-августундагы №089, 2010-жылдын 12- августундагы №028 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

3. Төмөнкүлөр саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы:

- Скрипкина Галина Анатольевна -шайлоо боюнча;

“Жашасын Кыргызстан” саясий партиясы:

- Исаева Жаннат Сапаркуловна-финансы маселелери боюнча.

4. Саясий партиялардын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каттоо күбөлүктөрү берилсин.

5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.

 

 

ТӨРАГАНЫН МИЛДЕТИН

АТКАРУУЧУ                                                                           Ж.АКМАТОВ                                   

 

 Бишкек ш., 2010- жылдын 15 -сентябры      

 №251 

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1991)