МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - ЖМК - Аккредитациялоо
Центральная избирательная комиссия

Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 29 Жарлыгы менен Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 4-мартына дайындалган.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-бөлүгүнүн талаптарына ылайык массалык маалымдоо каражаттары шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан 10 календарлык күндөн кечиктирбестен обо убактысынын жана басылма аянттарынын төлөөнүн өлчөмү тууралуу маалыматтарды жарыялап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырышы керек.

Бирок, айрым телерадиоберүү уюмдары, басылмалардын редакциялары  жана алардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү тарабынан шайлоо мыйзамынын талаптары аткарылбаган, м.а. 2012-жылдын 3-январь мөөнөтүнө чейин алар массалык маалымдоо каражаттарында обо убактысынын, басылма аянттарынын жана башка шарттарды төлөө өлчөмүн жарыялашпаган, ошону менен шайлоолорду маалыматтык камсыздоо боюнча жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун жана саясий партиялардын шайлоо укуктарын бузушкан.

Жарандардын ыктыярдуу эркине жана шайлоолордун айкындуулугуна көмөк берүүчү, жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесин, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1, 8-бөлүктөрүн, 28-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктун, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн
1,2,21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • 2012-жылдын 15-февралына чейин обо убактысын, басылма аянтын жана башка шарттарды төөлөнүн өлчөмү жөнүндө жарыялоо, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына  берүү шартында Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышууга массалык маалымдоо каражаттарына уруксат берилсин.
  • 2012-жылдын 2-февралындагы КР БШКнын  № 1 чечими күчүн жоготту деп таанылсын.
  • Бул токтомдун көчүрмөсү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.
  • Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
  •  

     

    Төрага                                                                                 Т.Абдраимов

    Бишкек ш., 2012-жылдын 8-февралы

    № 31

    Карап чыгуулар: (2921)