![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жөнүндө |
Тил боюнча комиссиясынын корутундуларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51 – беренесинин 1 – бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2- пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна төмөндөгү талапкерлер мамлекеттик тилди билет деп таанылсын: - Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич; - Мадумаров Адахан Кимсанбаевич; - Асанбеков Темирбек Ишенбаевич; - Суваналиев Өмүрбек Исакович; - Байболов Кубатбек Калбекович; - Текебаев Өмүрбек Чиркешович; - Осмонов Курманбек Эргешевич; - Султанов Марат Абдыразакович; - Масалиев Искак Апсаматович; - Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич; - Эгембердинев Өмүрбек Амантурович; - Иманкулов Марат Муканович; - Калматов Анарбек Баратович; - Колубаев Төрөбай Куназович; - Медетбеков Шамшыбек Осмонкулович; - Исабеков Кубанычбек Сатындиевич; - Матубраимов Алманбет; - Оморов Роман Оморович.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн жогорудагы талапкерлерге ушул токтомдун көчүрмөсү берилсин.
3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын. 4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш, 2011-жылдын 20-сентябры № 266
|
Карап чыгуулар: (2037) |