![]() Үймө үй кыдыруу жолу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жөнүндө |
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-главасын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Участкалык шайлоо комиссиялары 2011-жылдын 30-сентябрына чейин шайлоочулар жөнүндө маалыматарды тактоо, жарандардын шайлоочулардын тизмесинде бар болгондугу жөнүндө билдирүүнү тапшыруу, шайлоочуларды маалымдоо максатында, курамында участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү, коммерциялык эмес уюмдун өкүлү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын өкүлү болгон мобилдик топтор түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоо технологиялары борбору 2011-жылдын 5-октябрына чейин мобилдик топторду окутууну аяктасын. 3. 2011 - жылдын 14 - сентябрындагы № 258 “Үймө үй кыдыруу жолу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жобосуна ылайык, мобилдик топтор 2011-жылдын 1 - октябрынан 20 - октябрына чейин үймө үй кыдырууну өткөрсүн. 4. Үймө үй кыдырууну өткөрүүгө жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрүнө жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн. 5. Мобилдик топтор берген арыздардын негизинде шайлоочулардын тизмесинин тактыгы жана толуктугу жөнүндө жоопкерчилик аймактык шайлоо комиссияларына жана системалык администраторлорго жүктөлсүн. 6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисине: - мобилдик топторду атайын тигилген формадагы кийим; - участкалык шайлоо комиссияларын көбөйтүүчү техника, шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө (№1 форма) арыздарын, шайлоо дарегин алгандыгы жөнүндө (№2 форма), жеке маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө (№3 форма), шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бардыгы жөнүндө билдирүү бланкттары менен камсыздандыруу жүктөлсүн. 7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 23-сентябры № 294 |
Карап чыгуулар: (1956) |