![]() “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу | |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускама
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө (мындан ары - Нускама) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары-Мыйзам) 41, 54-беренелерине ылайык иштелип чыгылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын тартибин, анын ичинде талапкердин атайын шайлоо эсептерин ачуунун жана жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салат. 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер (мындан ары-талапкер) шайлоо өнөктүгүн финансылоо үчүн көрсөтүлгөндөн 5 календарлык күндүн ичинде жеке өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банкта атайын шайлоо эсебинде эсепке алынат. Бул эсеп Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерге Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) уруксаты менен ачылат. 2. Шайлоо фондунун каражаттарын тескөө укугу бул фондду түзгөн талапкерге таандык. 3. Банктык же башка ишканалардын тизмеси, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча көрсөтүлгөн эсептерди, эсепке алууну жана отчеттулукту жүргүзүүнү ачуунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан банктык же башка ишканалар менен макулдашуулар боюнча белгиленет. 4. Бардык акча каражаттары шайлоо фонддорунун эсептерине улуттук валюта түрүндө киргизилет. Чет өлкөлүк валюта түрүндө которууга тыюу салынат. Бул эсептер боюнча пайыздар кошулуп эсептелбейт жана төлөнбөйт. 5. Шайлоо фонддорунун каражаттарынын максаттуу багыты болот. Алар шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн. 6. Талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салган же талапкерди каттоодон алып салган учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды кошкон жарандарга жана уюмдарга кайра кайтарылууга тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдар аларды кошкон жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат. 7. Шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибине көзөмөлдү Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат. Шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарына, алардын туура эсептелишине жана пайдаланылышына, шайлоо күрөөсү коюлушуна жана кайра кайтарылышына контролдукту, талапкердин финансылык отчетторун текшерүүнү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу жүзөгө ашырат. 2. Шайлоо фонддорун түзүү 8. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык талапкер көрсөтүлгөндөн кийин 5 календарлык күндүн ичинде өзүнүн шайлоо кампаниясын финансылоо үчүн шайлоо фондун түзөт. Талапкер катталбай калган учурда шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттар акча берген жана которгон уюмдарга жана адамдарга кайра кайтарылат. Катталган талапкерлер шайлоо алдындагы үгүттү финансылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачык эсептерин жүргүзүүнү улантат. 9. Талапкерлердин шайлоо фондулары төмөнкү каражаттардын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алына турган үгүт-маалымат мүнөзүндөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
10. Шайлоо фондунун эсебинен талапкердин чыгымдарынын эң жогорку суммасы 500 000 эседен ашпайт. 11. Кайрымдуулук көрсөтүү деп талапкердин шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебине өз акча каражаттарын ыктыярдуу киргизүү таанылат. 12. Белгиленген өлчөмдөн тышкары чегерүүгө келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна таандык эмес жана жарандар менен уюмдарга кайтарылып берилет. 3. Шайлоо фонддоруна колдомолорго тыюу салуулар 13. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдөй ыктыярдуу кайрымдуулуктарга жол берилбейт:
14. Анонимдик кайрымдуулук деп, эгерде жаран төмөнкүдөй маалыматты: фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жеринин дарегин көрсөтпөсө - же ал өзү жөнүндө ишенимсиз маалыматтарды көрсөткөндө түшүндүрүлөт. 15. Талапкердин шайлоо фондуна ишкердикти юридикалык билимисиз жүргүзгөн, бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызы бар юридикалык жактардын, жеке адамдардын акчалай каражаттарын кошушуна жол берилбейт. Талапкер жогоруда көрсөтүлгөн юридикалык жак, жеке адам тарабынан шайлоо фондуна акча каражаттарын чегерген учурда жоопкерчилик тартпайт. Талапкердин шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар тарабынан акча каражаттары келип түшкөн учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын кат жүзүндөгү көрсөтмөсү боюча банк же башка ишкана ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна чегерүүгө милдеттүү ал болсо өз учурунда аталган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна же мамлекеттик бюджетке чегерет. 4. Атайын шайлоо эсептерин ачуу тартиби 16. Өзүнүн шайлоо фондун түзүү үчүн атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер № 1-форма (тиркелет) боюнча атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн зарыл документтерди толтуруу жөнүндө өтүнүч менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылууга милдеттүү. 17. Талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынан уруксаат алгандан кийин өзүнүн жеке шайлоо фондун түзүү үчүн атайын шайлоо эсебин ачууга милдеттүү. 18. Банк талапкерге атайын шайлоо эсебин ачыш үчүн банкка төмөнкүлөр берилгенден кийин тез арада жүргүзөт: 1)талапкердин эсеп ачуу жөнүндө арызы; 2)№ 2-форма боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү уруксаты (тиркелет); 3)талапкердин же финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн паспорту же аны алмаштырган документи; 4)талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсү; 5) колтамгалардын үлгүсү жана мөөрдүн оттискасы бар карточкалар. 19. Талапкер атайын шайлоо эсеби ачылган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө өзүнүн шайлоо фондунун эсебинин реквизиттерин № 3 форма (тиркелет) Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. 20. Талапкер өзүнүн шайлоо фондун түзүү үчүн бир гана атайын эсепти ачууга укуктуу. 21. Эсепти тейлөөнүн бардык шарттары банктык эсептин келишиминде чагылдырылууга тийиш. 22. Эсепти ачуу боюнча банктын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы алынбайт. Атайын шайлоо эсебинде болгон акча каражаттарын пайдалануу үчүн банк пайыздарды төлөбөйт. 5. Акча каражаттарын шайлоо фонддоруна которуу 23. Талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу берүүлөр Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактардан эсептешүүнүн накталай эмес түрүндө, ошондой эле накталай түрдө кабыл алынат. 24. Талапкердин шайлоо фондунун тиешелүү шайлоо эсебине жеке адамдардан келип түшкөн ыктыярдуу каражаттарды коммерциялык банктардын мекемелери Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту же паспортту алмаштырган документти (ID картасы) (мындан ары паспорт) көрсөтүлгөндө гана кабыл алат. Каражат берүүчү төлөм документтеринде өзүнүн фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, жашаган (катталган) жеринин дарегин, жарандын паспортунун же паспортун алмаштырган документинин сериясын жана номурун көрсөтүүгө тийиш, аларды банк кызматкери паспорттун же аны алмаштырган документтин маалыматтары менен салыштырат. Накталай акча взносуна квитанцияларда берүүчүнүн толук маалыматтары «төлөмдүн багыты» деген графада көрсөтүлөт. Акча каражаттарын алган банк көрсөтүлгөн каражаттары чегерүүдө банктын төлөм тапшырыгына кайрымдуулуктар жөнүндө маалыматтарды толугу менен көрсөтүүсү керек. 25. Талапкердин тиешелүү шайлоо эсебине келип түшкөн юридикалык жактын ыктыярдуу берүүлөрү коммерциялык банктардын мекемелери тарабынан тиешелүү салык инспекциясына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнө карызы жок экендиги жөнүндө справкалар көрсөтүлгөндө гана кабыл алынат. Юридикалык жактардын төлөм документтериндеги «төлөмдүн багыты» деген графада: салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру, юридикалык жактын толук аталышы, дареги камтылууга тийиш. 6. Шайлоо фонддорунун каражаттарын эсепке алуу жана чыгымдоо 26. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылышы мүмкүн:
27. Талапкер каражат берүүчүлөр добуш берүү күнүнө чейин белгиленген тартипте которгон жарандардын жана юридикалык жактардын берүүлөрүн гана пайдаланууга укуктуу. Талапкерлерге шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу боюнча иштерге акы төлөө, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү, шайлоо алдындагы башка иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн башка акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. 28. Талапкер банк мекемесиндеги өзүнүн шайлоо фондунун эсебине келип түшкөн акча каражаттарынын булактары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалымат менен жумасына кеминде бир жолу таанышууга милдеттүү. Талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорундагы эсептердеги каражаттардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын № 4 форма (тиркелет) боюнча жүргүзүүгө милдеттүү. 29. Банк мекемелери талапкердин шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебине акча каражаттарынын келип түшүшү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматты № 5 форма (тиркелет) боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына берет. Көрсөтүлгөн маалыматтар банктык мекеменин жетекчисинин колтамгасы жана мөөрү бар кагазда жумасына кеминде бир жолу, ал эми добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калганда - үч операциялык күндө бир жолу берилет. Бул маалыматтарды берүү жөнүндө жобо банктык эсептин келишимине кошулат. 30. Бардык финансылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү шайлоо күнүнөн мурдагы күнү саат 18де токтотулат. 31. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго ыктыярдуу берүүлөргө жана которууларга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордон чыгымдарга салык салуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. 7. Талапкерлердин жарандар жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрү 32. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерлер үчүн аткарган акы төлөнүүчү иштер жана кызмат көрсөтүүлөр жазуу жүзүндө (келишим, эсеп, акт) толтурулууга тийиш. Келишимдер тараптардын реквизиттерин, тапшырылуучу иштин көлөмү жөнүндө маалыматтарды, анын наркын, иштердин түрлөрү боюнча бааларды (калькуляция, смета), акы төлөө тартибин, иштерди аткаруу мөөнөтүн, тараптардын жоопкерчилигин жана башка шарттарды камтууга тийиш. Талапкерлер иштерди аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө жарандарды тартышы жөнүндө келишимдер Кыргыз Республикасынын жашы жеткен жарандары менен гана түзүлүшү мүмкүн. Аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр заказчы (талапкер, талапкердин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү) жана аткаруучу кол койгон аларды кабыл алуу актылары же берилген продукцияга накладной документтери менен ырасталууга тийиш. 33. Талапкерди колдогон шайлоо алдындагы үгүт материалдарын чыгаруу, жайгаштыруу жана таркатуу менен байланышкан заказдарды түзүү учурунда жарандар жана юридикалык жактар мезгилдүү басылманын редакциясына, телекерсөтүү уюмуна, үгүт продукциясын чыгарууну жүзөгө ашырган ишканага № 6 тиркемеде келтирилген форма боюнча бул иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууга жана аларга шайлоо фондунан төлөөгө талапкердин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн макулдугун жазуу жүзүндө ырастоону берет. 34. Талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан алдын ала акы төлөнмөйүнчө эфир убактысын берүүгө талапкерлердин басма үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат. Банктын белгиси болгон төлөм (эсептешүү) документинин көчүрмөсүн же кассалык кириш ордерине квитанциянын көчүрмөсүн талапкер шайлоо алдындагы үгүт материалы жарыяланган күнгө чейин, телерадиоберүү уюму эфир убактысын бергенге чейин эки күндөн кечиктирбестен берүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн шарттар бузулган учурда телерадиоберүү уюмдарынын каналдарынан эфир убактысын берүүгө, мезгилдүү басылмалардын редакциялары басма аянтын беришине жол берилбейт. 35. Мезгилдүү басылмаларда жайгаштырылган бардык материалдарда тиешелүү басма материалдарына акы кайсы талапкердин шайлоо фондунан төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат жайгаштырылууга тийиш. 36. Талапкерлердин атайын эсептеринен төлөө боюнча контракттар же макулдашуулар шайлоо күнүнөн мурунку күндөн кечиктирбестен тузүлүугө тийиш. 37. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерге шайлоо фонддору аркылуу гана финансылык (материалдык) жардам көрсөтүүгө укуктуу. Материалдык байлыктарды убактылуу пайдаланууга берүү жолу менен талапкердин шайлоо алдындагы ишин материалдык жактан колдоону жүзөгө ашыруу тиешелүү келишимдер түзүлгөн жана шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен төлөнгөн шартта гана мүмкүн. Юридикалык жактар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү шайлоо менен тике же кыйыр байланышкан иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз аткарышына, товарларды акысыз сатышына же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарышына, сатышына тыюу салынат. Атайын эсептер боюнча бардык финансы операциялары, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр шайлоолордун алдынкы күнү 18.00дө токтотулат. Айрым иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыгы үчүн талапкер менен юридикалык жактардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат. 8. Шайлоо күрөөсү 38. Талапкер катталганга чейин жана берилген документтери текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебинин төмөндөгү реквизиттерине киргизет.
39. Коюлган шайлоо күрөөсү талапкерлерге Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен төлөм (эсептик) документинин түп нускасы, өзүнүн фондунун түзүүнүн булактары жана өлчөмдөрү жөнүндө отчет, ошондой эле 10 календарлык күндө кеткен чыгымдар көрсөтүлгөндө кайтарылып берилет. 40. Күрөөнүн калган суммасы бюджеттин эсебине киргизилбейт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн максаттуу багыттарында шайлоо системасын өркүндөтүүгө пайдаланылат. 9. Отчеттуулук жана контролдук 41. Талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жөнүндө жана бардык булактары жөнүндө, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө № 7 форма (тиркелет) боюнча отчет берүүгө милдеттүү. Отчет кагазда жана электрондук версияда төмөнкүдөй катар менен берилет: 1) биринчи финансылык отчет - Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсү коюлгандыгын ырастаган документтерди жана каттоо үчүн зарыл болгон башка документтерди берүү менен бир учурда; 2) экинчи финансылык отчет - добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен; 3) үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет - добуш берүүнүн натыйжалары расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн кечиктирбестен. Отчеттогу маалыматтар отчетту тапшыруу датасына чейинки 3 күндөн ашпаган датага карата түзүлөт. Жыйынтыктоочу отчетко төмөнкүлөр тиркелет: 1) шайлоо фондунун каражаттары келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын булактары жөнүндө № 5 форма боюнча маалыматтар; 2) шайлоо фондунун каражаттары келип түшкөндүгүн жана чыгымдалгандыгын ырастаган баштапкы финансылык документтер. Бул материалдарды даярдаган же заказ кылган уюмдун (жактын) турган жери жөнүндө (жашаган жеринин дареги жөнүндө) маалыматтар көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы басма, аудиовизуалдык жана башка бардык үгүт материалдарынын нускалары же көчүрмөлөрү. Техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгон учурда үгүт материалдары фотокөчүрмө түрүндө берилиши мүмкүн. 42.Жыйынтыктоочу финансылык отчеттогу баштапкы финансылык документтер атайын шайлоо эсептериндеги финансылык операциялар чагылдырылышына жараша хронологиялык ырааттуулукта тандалууга тийиш. Мында шайлоо фонддорунун атайын эсептеринен көчүрүп алуулар негиз катары кабыл алынат, аларга эсепке акча каражаттарын кошуу же андан чыгаруу үчүн негиз болгон зарыл документтер тиркелет. 43.Жыйынтыктоочу финансылык отчет брошюраланган түрдө берилүүгө жана барактардын, анын ичинде тиркемелердин баштанаяк номурлары болууга тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча маселелер келип чыккан учурда талапкер, катталган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү финансылык отчетко түшүндүрмө катты берет. 44. Финансылык отчетко финансалык маселелер боюнча ыйгарымдуу укуктуу өкүлү кол кол коёт. Талапкер жыйынтыктоочу финансалык отчетту Борбордук шайлоо комиссиясына берүү алыш-бериш актысы менен жүйөлөнүштүрүлөт. 45. Жыйынтактоочу финансы отчету берилгенге чейин талапкерде калган бардык накталай каражаттар тиешелүү атайын шайлоо эсебине кайтарылып берилүүгө тийиш. 46. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктарын талапкерлер, саясый партиялар кошкон каражаттарына пропорциялуу түрдө аларды берген, болбосо которгон уюмдардын же адамдардын эсептерине финансалык отчетту берүүдөн мурда Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксааты менен которууга милдеттүү. Талапкердин, саясый партиянын атайын эсебинде калган башка акча каражаттарын шайлоодон 20 календарлык күн өткөндөн кийин шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча банк республикалык бюджеттин кирешесине которууга милдеттүү. 47. Талапкердин финансалык отчетту берүү милдети финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө жүктөлөт. 10. Финансылык тартипти бузгандык үчүн жоопкерчилик 48. Шайлоо фондунун каражаттарын түзүү жана пайдалануу тартибинин бузулгандыгы, ушул Нускамада белгиленген формалар боюнча отчеттуулук өз учурунда берилбегендиги жана отчетто камтылган маалыматтардын ишенимсиздиги үчүн жоопкерчиликти талапкердин финансалык маселелер боюнча ыйгарымдуу өкүлү-шайлоо фондунун каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдар тартат. 49. Талапкер өзүнүн шайлоо өнөктүгүн финансылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан бардык чыгымдардын белгиленген эң жогорку суммасынан 0,5 проценттен ашыкты түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланган же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды талапкер тарабынан өзүнө тиешелүү шайлоо каражаттарынан бардык чыгымдардын белгиленген чектеги суммасынан 0,5 проценттен ашырган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы же сот добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечикпестен каттоону алып салууга укуктуу. 50. Борбордук шайлоо комиссиясы эреже бузуунун фактысын аныктоо максатында көмөктөшүү үчүн мамлекеттик бийлик органдарына, укук коргоо органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мекемелерине, уюмдарына, ишканаларына кайрылууга укуктуу. | |
Карап чыгуулар: (2320) |