![]() №25 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу |
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө” Нускама бекитилсин (тиркелет). 2. Бул токтом жана бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө” Нускама “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 3. Буд токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов Бишкек ш., 2012-жылдын 2-февралы № 25
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012 –жылдын 2-февралындагы № 25 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө НУСКАМА
I. Жалпы жоболор
1. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө” бул Нускама (мындан ары-Нускама) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныын 22-беренесинин 19-пунктун, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмалардын басма аянтын берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
3. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же алардын ведомствого караштуу мекемелери жана ишканалары болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
4. Ушул Нускаманын 1-главасынын 3-пунктунун колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары ушул Нускамага ылайык талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын, басма аянтын келишимдик негизде берүүгө укуктуу.
II. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүүнүн тартиби жана шарттары
5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш.
6. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы катталган жана берүүгө келген талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ортосунда тең негизде бөлүштүрүлөт.
7. Акысыз бөлүнгөн эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн кеминде үчтөн бири талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга, шайлоочулар тобруна дискуссияларды, "тегерек столдорду" жана буларга окшогон үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана каралат. Эфирдик акысыз убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна тең негиздерде жол берилүүгө тийиш. 8. Ушул Нускаманын 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун колдонулушуна туш келген телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын берүүнүн тартибин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. 9. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле- жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы шайлоо комиссиялары тарабынан телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун ортосунда теңдештик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт. III. Телерадиоуюмдардын каналдарында дебаттарды өткөрүү учурундагы талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун укуктары
10. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору ушул Нускаманын 1-главасынын 3-пунтунун колдонулушуна туш келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телекөрсөтүүлөрдү, радио уктурууларды жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилген обо убактысын пайдаланууга укуктуу.
11. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалары аудиториянын көпчүлүгүн чогулткан - саат 20дан саат 24кө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш. 12. Телерадио берүү уюмдарынын каналдарындагы биргелешкен үгүт иш чараларына катталган талапкерлер жеке өздөрү гана, саясий партиялар жана шайлоочулардын топтору - ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары аркылуу катыша алат. 13. Биргелешкен үгүт иш чараларына катышуудан баш тартуу катталган талапкер, саясий партия же шайлоочулардын топтору үчүн берилген акысыз обо убактысынын өлчөмүн көбөйтүүгө алып келбейт. 14. Эгерде талапкер, саясий партиянын өкүлү, шайлоочулардын топторунун өкүлү жүйөөлүү себептер боюнча биргелешкен үгүт иш чараларына катыша албай калса, анда алар биргелешкен үгүт иш чараларына катышпай калган башка талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору менен катар өзүнүн обо убактысын пайдаланууну өтүнүүгө укуктуу.
IV. Телерадиоуюмдарга, мезгилдүү басылмаларга коюлган талаптар 15. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берилүүгө тийиш. 16. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалымат материалдарынын мазмуну калыс, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун теңдигин бузууга, кандайдыр-бир талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна артыкчылык берилүүгө тийиш эмес. 17. Теле- жана радио берүү учурунда талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле аларды кандайдыр бир комментарийлер менен коштоого тыюу салынат. 18. Обо убактысы, мезгилдүү басылмалардагы басмалары үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору үчүн бирдей болууга тийиш. 19. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын берген телерадио уюмдары менчигинин түрүнө карабастан башка талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыттын көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) берүүгө милдеттүү. 20. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле- жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы шайлоо комиссиялары тарабынан телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун ортосунда теңдештик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт. 21. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, ушул Нускаманын 1-главасынын 2-пунктунун колдонушуна туш келген жалпыга маалымдоонун мезгилдүү басылма каражаттары талапкерлердин катталган тизмесин көрсөткөн талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору тарабынан берилүүчү материалдар үчүн А4 форматындагы бир беттен кем болбогон өлчөмдөгү акысыз басылма аянттарды тең шарттарда бөлүп берүүгө тийиш. 22. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек. 23. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта кандай гана түрдөгү болбосун үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет. 24. Ушул Нускаманын 1-главасынын 2-пунктунун колдонулушуна туш келген телерадио уюмдары шайлоонун деңгээлине жараша талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын резервге калтырууга милдеттүү. 25. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин шартында тиешелүү талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын топторунун талабы боюнча акыга берилүүгө тийиш. 26. Резервге калтырылган акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү акысыз обо убактысынын жалпы көлөмүнөн кем болбоого, ал эми акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору үчүн бирдей болууга тийиш. 27. Мында ар бир талапкер, саясий партия, шайлоочулардын топтору резервде калтырылган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун жалпы санына бөлүүдө алынган үлүшүнүн чегинде убакыт алууга укуктуу. 28. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.
|
Карап чыгуулар: (1256) |