МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№24 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Нускаманы бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22- 28-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарын жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Нускама” бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Нускама” “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                         Т.Абдраимов

Бишкек ш., 2012-жылдын 2-февралы

№ 24

 

 Кыргыз Республикасынын

 Шайлоо жана референдум өткөрүү

 боюнча борбордук  комиссиясынын

2012 –жылдын 2-февралындагы

№ 24 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин контролдоо боюнча Нускама

 

I. Жалпы жоболор

 

1. Бул Нускама “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзам) талаптарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштеринин тартибин жана шарттарын жөнгө салат.

 2. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
28–беренесинин 1-бөлүгүн аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону  өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштеринин эрежелерин сактоону контролдоо боюнча  аймактык шайлоо комиссияларынын алдында Жумушчу топ түзүлөт.

3. Жумушчу топ өз ишинде  Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,  жана ушул Нускаманы жетекчиликке алат.

4. Нускамада төмөнкү терминдер колдонулат:

 

үгүт материалдары – шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көпчүлүккө таратууга, элге жарыялоого арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;

 

билборд – тышкы жарнакты жайгаштырууда колдонулган термин, трассаларды көчөлөрдү бойлой орнотулат. Темир же фанера менен капталган, атмосферага туруктуу курамдар менен жабылган, алкактан турган жана тирөөчкө орнотулган такта;

 

брошюра – 4 беттен жогору, бирок 48 беттен ашпаган, катуу мукабасы жок тыштуу, ичинде талапкерлер, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун талапкерлери туурасындагы толук маалыматтар камтылган текстүү китеп басылмасы;

 

буклет – конкреттүү түрү менен аныкталбаган, бирок жалпы мүнөздөмөгө ээ, көп беттүү (басма бети – маалыматты камтыган, 1 бүктөмдүү 4 беттик) басма продукциясынын категориясы;

 

дискуссия – кайсыл бир маселелелерди жыйналышта, басма сөздө, оппонент менен маекте ачык талкуулоо;

 

шайлоону маалыматтык камсыздоо – шайлоочуларга кабарлоо, жарандардын аң –сезимдүү түрдө эркбилдирүүсүнө, шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүт;

 

баракча – саясий үгүттүн же адабий маалымдоонун түрү;

 

плакат – ири форматтуу, кыскача текст менен коштолгон, үгүт, жарнактык, маалыматтык же окуу максатында жасалган сүрөт;

 

шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин,  саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максатындагы иш-аракеттери;

 

шайлоо алдындагы штаб – талапкердин, саясый партиянын жогорку натыйжасын камсыздоо милдетине бириккен адамдардын убактылуу жамааты, ошондой эле аталган жамааттын негизги иш орду;

 

көпчүлүк алдында дебаттар – эки же андан көп талапкердин, саясый партиялардын талапкерлеринин ортосундагы ар кандай коомдук маанилүү, анын ичинде талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун ачык пикир алышуу учурунда айтылган шайлоо алдындагы программаларына тиешелүү маселелер боюнча ачык пикир алмашуусу.

 

II. Шайлоо алдындагы үгүт

 

5. Шайлоо алдындагы үгүт – Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин,  талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн же түртүү максатындагы иш-аракеттери.

6. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна шайлоону өткөрүүдө мамлекет тарабынан Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык эркин үгүт жүргүзүү камсыз кылынат.

7. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу шайлоого катышууга, ар кандай талапкер “үчүн” же  “каршы” үгүт жүргүзүүгө, талапкерлердин, саясий партиялардын же шайлоочулар тобунун шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.

8. Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн тариздери жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын же шайлоочулар тобунун шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иш-чараларына катышууга укуктуу.

 9. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.

10. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт. Кайра добуш берүүнү өткөрүү учурунда, шайлоо алдындагы үгүт иштери кайрадан добуш берүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып башталат жана кайрадан добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтотулат.

11. Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурунку орундарында сакталат.

 12.   Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:

1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна карата артыкчылык берүүнү билдирүү;

3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;

4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.

13. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.

14. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн тең шарттарына кепилдик берилет.

15. Шайлоо өткөрүүдө үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

2) көпчүлүк катышкан иш чараларды (чогулуштар жана жарандар менен жолугушуулар, көпчүлүк алдындагы дебаттар жана дискуссиялар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр) өткөрүү жолу менен;

3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;

4) мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.

16.  Талапкер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин таризин жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.

17. Мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу жок.

18. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.

19.  Эгерде көрсөтүлгөн адамдар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары, талапкерлер же жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамга ылайык алардын өкүлдөрү болуп саналса, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларын алып барууга, ошол жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Ушул эреже мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын мамлекеттик жана жергиликтүү каналдарында талапкерлер акысыз обо убактысын пайдаланганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамдын 24-беренесинде каралган тартипте үгүттөп чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.

20.  Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

21. Ушул Нускаманын 2-главасынын 20-пунктунун колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын талапкерлерге, саясий-партияларга берүүнүн тартиби жөнүндө нускамаларга ылайык талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын, басма аянттарын келишимдик негизде берүүгө укуктуу.

Обо убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар жана шайлоочулар тобу үчүн бирдей болууга тийиш.

22. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

 

III. Талапкердин, саясий партиянын же шайлоочулар тобунун 

шайлоо алдындагы штабынын ишин уюштуруу

 

23. Шайлоо алдындагы штабдын иштөө маалы – шайлоо өнөктүгү башталгандан тартып, добуштарды саноо процесси аяктаганга жана шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин.

         24. Шайлоо алдындагы штаб:

- шайлоо өнөктүгүнө жалпы жетекчиликти ишке ашырат;

- учурдагы иш пландарын даярдоону уюштурат жана бекитет;

- жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат, жолугушууларды пландаштырат жана уюштурат, үгүт тармагын  уюштурат жана үгүт материалдарын даярдайт;

- шайлоо алдындагы аймактык штабдарды өз убагында, тармактуу жана сапаттуу даярдалышын уюштурат;

- мамлекеттик органдар менен байланышта болот жана команданын аймактык түзүмдөрү менен алакалашууну өрчүтөт.

25. Шайлоо алдындагы штабдардын ишин орун жай, эмерек, уюштуруу техникалары, байланыш, транспорт, канцеляриялык буюмдар, катчылык, штабдык кызматкерлер ж.б. менен камсыздоого байланышкан чыгымдар талапкердин, саясий партиянын же шайлоочулар тобунун шайлоо фондусунун каражаттарынан жүргүзүлөт. 

 

IV. Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү

 

26. Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу шайлоочуларды кабарландырууну, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнү өзүнө камтыйт жана жарандардын эркин аң-сезимдүү билдирүүлөрүнө жана шайлоонун айкын өтүшүнө өбөлгө түзөт. Шайлоочуларды кабарландырууну мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарды өз убагында жана так кабарландыруу үчүн жоопкерчилик тартат.

27. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун теңдигин бузбоосу тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга, шайлоочулар тобуна артыкчылык берилбеши керек.

28. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларды кабарландыруунун бир түрү болуп саналат.

29. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда, көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана уюмдар пикир сурамжылоону жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, анын жүргүзүлгөн убагын, сурамжылангандардын санын (иргелген), маалыматты чогултуу усулун, сурамжылоо жүргүзүлгөн аймакты, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болуучу кемчиликтерге статистикалык баа берүүнү, сурамжылоону жүргүзүүнү табыштаган жана аны жарыялоого акы төлөгөн жакты көрсөтүүгө милдеттүү.

30. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.

31. Коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда ушул Нускаманын 4-главасынын 29, 30-пункттарынын талаптарын сактабоо мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөө деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.

32. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү талапкердин шайлоо алдындагы үгүттөө иш – чараларына катышууга укуктуу.

 

V. Мамлекеттик телерадио кампаниялардын каналдарында обо убактысын берүү тартиби

 

         33. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу ушул Нускаманын 2-главасынын 20-пунктунун колдонулушуна туш келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телерадио берүүлөрдү жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилүүчү обо убактысына укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар аудиториянын көпчүлүгүн чогултуучу – саат 20дан саат 24кө чейинкиге мезгилге туура келиши керек.

34. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын  шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы, катталган жана берүүгө келген талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун ортосунда тең негизде бөлүштүрүлөт.

35. Акысыз бөлүнгөн обо убактысынын жалпы көлөмүнүн үчтөн биринен кем эмеси талапкерлерге,  талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга, шайлоочулар тобуна дискуссияларды, "тегерек үстөлдөрдү" жана ушуга окшогон үгүт иш чараларын биргелешип өткөрүүлөрү үчүн гана берилет. Бардык талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу акысыз оболук убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга тең негиздерде коё берилиши керек.

Телерадио берүү уюмдарынын каналдарындагы биргелешкен үгүт иш чараларына катталган талапкерлер жеке өздөрү гана, сясий партиялар, шайлоочулар тобу  катыша алышат. Биргелешкен үгүт иш чараларына  катышуудан баш тартуу, биргелешкен үгүт иш чараларга катышуу үчүн талапкерге, саясий партияга, шайлоочулар тобуна берилген акысыз обо убактысынын өлчөмүн көбөйтүүгө алып келбейт.

Эгерде талапкер, саясий партиянын өкүлү, шайлоочулар тобунун өкүлү жүйөлүү себептер боюнча биргелешкен үгүт иш чараларына катыша албай калышса, анда биргелешкен үгүт иш чараларына катышпай калган башка талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу  менен катарда өздөрүнүн обо убактысын пайдаланууну суранууга укуктуу.

36. Ушул Нускаманын 2-главасынын 20-пунктунун колдонулушуна туш келген телерадио уюмдары, талапкерлердин,  саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун шайлоо алдында үгүт жүргүзүүсү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысынын сактамын калтырууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин негизинде тиешелүү талапкердин,  саясий партиянын, шайлоочулар тобунун талабы боюнча аларга акыга берилүүсү тийиш. Сактамга калтырылган акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү акысыз обо убактысынын жалпы көлөмүнөн кем болбошу, ошондой эле акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу үчүн бирдей болушу керек. Мында ар бир талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу сактамда калтырылган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү талапкерлердин,   саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун жалпы санына бөлүштүрүүдөн алынган үлүш чегиндеги убакытты алууга укуктуу.

Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна берилген акы төлөнүүчү оболук убакыттын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.

37. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун сүйлөгөн сөзүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат.

38. Ушул Нускаманын 2-главасынын 21-пунктунун колдонулушуна туш келген телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге,  саясий партияларга, шайлоочулар тобуна обо убактысын берүүнү жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

39. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна менчигинин түрүнө карабастан, обо убактысын берген телерадио уюмдары обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыт көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге  берүүгө милдеттүү.

40. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун ортосунда теңчилик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.

 

VI. Басылма жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү

 

41. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, ушул Нускаманын 2-главасынын 20-пунктунун колдонулушуна туш келген мезгилдүү басылма жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан берилген материалдар үчүн тең шарттарда А 4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес басылма аянтын бөлүп берүүгө тийиш. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта, кандай гана таризде болбосун үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет.

42. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга,  шайлоочулар тобуна басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.

 

VII. Көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдында  үгүттөө

 

         43. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.

44. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө арыздары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.

45. Талапкерге, саясий партияга, шайлоочулар тобуна шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечимди берүүгө милдеттүү.

         Эгерде көрсөтүлгөн жай көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобуна бирине берилген учурда, ошол эле жайды башка талапкерге, башка саясий партияга, шайлоочулар тобуна берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

46. Көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүгө жарактуу жана мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган орун жай шайлоо комиссияларынын суроо-талабы боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакта акысыз пайдаланууга берилет. Мында шайлоо комиссиялары көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүдө талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

46.  Талапкерлер,  саясий партиялар, шайлоочулар тобу шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү учурунда спорттук, маданий  оюн – зоок
иш–чараларын уюштурууга укуктуу жана иш – чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүгө тийиш. Аталган иш  -  чараларга катышкан артисттер, спортчулар Кыргыз Республикасынын жарандары болушу керек. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышууга чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга тыюу салынат.

 

VIII. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу

 

         47. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган тиешелүү шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

48. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары, басылма үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдардын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жеринин дарегин), үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген адамдын (уюмдун аталышын), фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын нускасы жана чыгарылган күнү жөнүндө маалыматты, ошондой эле тапшырык акысын төлөгөн талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулар тобунун  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын, атасынын атын камтышы керек. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат.

49. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна  мындай материалдарды илүү үчүн бирдей шарттар камсыз кылынышы керек.

50. Үгүт материалдарын эстеликтерге, эстелик мамыларга жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.

Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында тигилүү жашыл бак-дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.

         51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде шайлоо округунун аймагын  үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.

52. Жалган жасалма үгүт материалдары же ушул Нускаманын
8-главасынын 44-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдары таратылып жатканы жөнүндө маалымат алган шайлоо комиссиясы бул иштерге бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү укук коргоочу жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.

53. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу шайлоо дайындалганга чейин даярдалган басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын, ушул Нускаманын 7-главасынын талаптарына ылайык шайлоо фондунан талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна чыгымдалуучу сумманын чектеринде пайдаланууга укуктуу.

 

IX.  Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдаланууга жол берилбестиги

 

       54. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт.

       55. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кыянат пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын; согушту үгүттөөгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка тариздерине тыюу салынат.

       56. Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын энбелгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.

Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулар тобунун жана аткаруучунун ортосунда жазуу жүзүндө жол-жоболонгон эмгек мамилелеринин алкагында аткарылган жумушка талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулар тобунун шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө сатып алуу болуп эсептелбейт.

       57. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайлары, талапкерлердин,  саясий партиялардын өкүлдөрү, шайлоочулар тобунун өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин, анын ичинде талапкер көрсөтүлгөн шайлоо округун чегинен сырткары да кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

58. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун өкүлдөрү  жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жактар, шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын,  шайлоочулар тобунун талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган тилкеде, ошондой арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча чыгып сүйлөөгө төгүндөө же түшүндүрмө – төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки чыгарылышта берилет.

59. Талапкерге, саясий партияга,  шайлоочулар тобуна шайлоо алдында үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтирген маалыматты жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкердин, саясий партиянын беделин коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүнчүлүк бербегени, ошол жалпыга маалымдоо каражатын сот жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.

         60. Талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, ушул Нускаманын
9-главасынын 55,56 жана 58-пункттарынын талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, укукка каршы үгүт ишин токтотуу жана күнөөлүү адамдарды Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамда жана колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко сунуштама менен кайрылууга укуктуу.

         Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү.

       Укук коргоо органдары мыйзамга каршы үгүт иштерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана аныкталган фактылар жана көрүлгөн чаралар тууралуу тиешелүү шайлоо комиссиясына дароо билдирүүгө милдеттүү.

61. Талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу ушул Нускамада белгиленген талаптарды бузган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы талапкерге, саясий партияга, шайлоочулар тобуна тартип бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бир нече ирет бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча же өз демилгеси менен талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

 

X. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышын контролдоону уюштуруу

 

          63. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялары жана алардын кызматкерлери тарабынан ушул Нускамада көрсөтүлгөн эрежелерди сактоосун контролдоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан  жүргүзүлөт.

64. Жалпыга маалымат каражатынын редакциясы шайлоо алдындагы үгүт материалдарынын обого чыгарылуучу жарыялоолорунун эсебин жүргүзөт. Шайлоо комиссиясынан суроо–талап түшкөн учурда, жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы ага суроо – талап келип түшкөндөн тартып үч күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндө маалымат берүүгө, ал эми зарыл болгон учурда суралган материалдардын нускасын берүүгө милдеттүү.

         65. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолорго, көрсөтүүлөргө  байланышкан талаш–тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.

 

 

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1937)