![]() №23 “Кыргыз Республикасынын Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу |
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16-беренесинин 2 – бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,3-пункттарына, 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет). 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлккеттик кызматына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин. 3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4.“Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын, референдумдардын катышуучуларын каттоонун (эсепке алуунун) бирдиктүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 49 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2012-жылдын 31-январы № 23 |
Карап чыгуулар: (1884) |