![]() №68 Лейлек, Тогуз-Торо, Аксы, Алай, Жумгал, Ак-Талаа, Кемин, Ысык–Ата, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитүү жөнүндө |
2012-жылдын 27-28-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын–айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 59 токтому менен дайындалган Лейлек районунун Маргун айылдык аймагынын, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык аймактарынын, Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын, Алай районунун Будалык айылдык аймагынын, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Кызыл-Жылдыз, Чаек айылдык аймактарынын, Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Терек, Баетов айылдык аймактарынын, Кемин районунун Кемин поселкалык башкармалыгынын, Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын, Жети-Өзүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Лейлек, Тогуз-Торо, Аксы, Алай, Жумгал, Ак-Талаа, Кемин, Ысык–Ата, Аламүдүн, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнө, 2,24-пункттарына, “Жергиликтү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 427 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосунун 38-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Лейлек районунун Маргун айылдык аймагынын, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык аймактарынын, Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын, Алай районунун Будалык айылдык аймагынын, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Кызыл-Жылдыз, Чаек айылдык аймактарынын, Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Терек, Баетов айылдык аймактарынын, Кемин районунун Кемин поселкалык башкармалыгыын, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын, Жети-Өзүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болду деп таанылсын. 2. Лейлек, Тогуз-Торо, Аксы, Алай, Жумгал, Ак-Талаа, Кемин, Ысык–Ата, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 3. Төмөнкү талапкерлер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп эсептелинсин: 1) Атай айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Залимтороев Мейманбек Даниярович; 2) Көк-Ирим айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Борончиев Сыргак Шамырбекович; 3) Авлетим айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Абдыраманов Нурмырз Абасович; 4) Маргун айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы - Жалилов Турусбек; 5) Будалык айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Осмонов Бактыбек Арапбаевич; 6) Куйручук айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Сапаралиев Бактыбек Нурдинович; 7) Түгөл-Сай айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Мусабаев Ширинбек Салмоорбекович; 8) Кызыл-Жылдыз айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Кыдырмаев Бектур Шыйтыевич; 9) Чаек айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы– Ибраимов Касымбек Аджикеевич; 10) Жерге-Тал айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Шермамбетов Алмазбек Озубекович; 11) Терек айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Казиев Уланбек Токтосунович; 12) Баетов айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Турусбеков Талантбек Амангазиевич; 13) Кемин поселкалык башкармалыгынын башчысы - Досов Солайбек Содалыевич; 14) Милянфан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Вулянчин Гадир Джумазович; 15) Оргочор айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы – Айтманбетов Дайырбек Одоевич. 4. Шайланган айыл өкмөт башчыларына бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин. 5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2012-жылдын 2-майы № 68 |
Карап чыгуулар: (1476) |