![]() Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин нускаларынын санын бекитүү жөнүндө |
Коомчулуктун көптөгөн кайрылууларына жана шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга жана аларды түзүүнүн тууралыгын текшерүүгө байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 1- жана 2-пунктчаларына, 13-пунктунун 8-пунктчасына, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 4-пунктчаларына, 1-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы №93 “Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгынын 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Шайлоо” МАСнын системалык администраторлору Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2010-жылдын 10-октябрында шайлоодо шайлоочулардын негизги тизмесин ар бир шайлоо участкасы боюнча үч нускада басып чыгарсын. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Шайлоо жөнүндө кодекстин 22-беренесинин 10-пунктуна ылайык, ар бир шайлоо участкасы боюнча номерленген, боолонгон жана колтамга жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын негизги тизмелеринин бирден нускасын тийиштүү райондук (шаардык) жана эки нускадан ар бир участкалык шайлоо комиссиясына беришсин.
Төрага А. Сариев Бишкек ш., 2010-жылдын 12-сентябры № 242
|
Карап чыгуулар: (1468) |