![]() Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештеринин, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин, Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Коңорчок, Терек, Баетов айылдык кеңештеринин, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоолордун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Лейлек, Тогуз-Торо, Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө |
2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 29 Жарлыгы менен дайындалган Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештеринин, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин, Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Коңорчок, Терек, Баетов айылдык кеңештеринин, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо өткөрүү үчүн 54 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлгөн. Айылдык кеңештин депутаттыгына 565 талапкер көрсөтүлүп, алардан 553 талапкер катталган, айылдык кеңештин депутаттыгына ар кандай себептер менен 12 талапкер каттоодон өтпөй калды. Каттоодон өткөндөрдөн: 221 талапкер - саясий партиялардан, 70 талапкер - шайлоочулардын топторунан, 262 - өзүн-өзү көрсөткөндөр. Добуш берүүгө 16 244 шайлоочу катышты, ал шайлоочулардын санынын 51,91%ын түзгөн. Шайлоонун натыйжалары боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдоруна ылайык, айылдык кеңештин депутаты болуп 173 талапкер шайланды. Аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештеринин, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин, Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Коңорчок, Терек, Баетов айылдык кеңештеринин, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болду деп таанылсын. 2. Лейлек, Тогуз-Торо, Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин. 3. Айылдык кеңештердин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер айылдык кеңештердин депутаты болуп шайланды деп эсептелинсин (тизме тиркелет). Аларга бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төшбелги берилсин. 4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов 2012-жылдын 16-марты № 48
|
Карап чыгуулар: (1274) |