МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№8 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн  3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 5,6-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 29 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облусттарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).

2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары 2012-жылдын 17-январына чейин “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-августундагы № 178 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын тизмелерин жана чектерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул   токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

            Төрага                                                                                            Т.Абдраимов

Бишкек ш., 2012-жылдын 11-январы

№ 8

Карап чыгуулар: (2227)